Сокулук районундагы Жаңы-Жер айылында жайгашкан № 43 Кесиптик лицейинде эмгектенген мугалим мастерлер кризистик баадан сактануу ыкмасын ойлоп табышты. Буга себеп өлкөдөгү базар баасынын өсүп кетиши болду. Бул ыкма ашканага бөлүнгөн акча каражатын үнөмдөп жеткирип окуучуларга даярдалуучу тамак аштын сапатын көтөрүү.
Бул ыкманы кесиптик лицейде ашпозчу кесибинин мастери Сүйүнбала Дүйшөмбиева айтып берди:
«Биз жыл сайын жайында экологиялык таза, химиялык жер семирткичтер кошулбаган органикалык жер жемиштерди өстүрөбүз. Кышкы азык- түлүктүн запасын кармоо үчүн жер-жемиштерди кургатып алып сактоо ыкмасын колдонуудабыз.
Жашылча жемиштерди кургатуу эң жөнөкөй ыкма болуп эсептелет. Себеби, кээ бир кездерде кургатылган жемиштерди колдонуу даамдык сапаты жагынан алда канча жакшы деп эсептелинет . Жер- жемиштердин пайдалуу сапаттарын сактоодо кургатылган жемиштер башка кайра иштетүү ыкмаларына караганда даамдык сапаттарын толук бойдон сактайт».

Бул жер- жемиш өстүрүлүүчү аймак жана күнөскана
Жемиштерди ачык абада, духовкаларда же атайын электр кургаткычтарында кургатса болот. Жашылча – жемиштерди кандай гана аба-ырайы болбосун тез кургатуунун азыркы кездеги эң популярдуу жолу бул электрокургаткыч.

Электро кургаткычтын жалпы көрүнүшү
Бул кургаткыч бир эле электр менен гана эмес күндүн энергиясынын жардамы менен алынган батарея аркылуу да кургатат.

Сүрөттө ашпозчу кесибинин мастери Сүйүнбала Дүйшембиева жашылчаларды кургатуу үчүн сеткаларга тизүүдө

Сабизди да кургатып тамакка кошууга болот. Сабизди деле казып алып топурагынан арылтып, жууп тазалап, сабактарын жулуп салып, кабыгын аарчып шакекче түрүндө кесилет

Баклажан сыяктуу эле тегерек 1- 2 см шакекче түрүндө кесилип, ал сүрөттө көрсөтүлгөндөй сетканын бетине тизилет

Баардыгын даярдап кесип алып, сеткага тизип жогорудагы көрсөтүлүп жаткандай кургаткычка салынат

Бул кургаткыч аба таза, күн ысык мезгилде күндүн энергиясы батареяга таасир берип кургатат. Эгерде аба-ырайы өзгөрүп салкын тартса анда электр тогуна туташтыруу жолу менен кургатылат. Бул сүрөттө күн батареясы менен кургоодо.

Кесип даярдалган сабиз менен баклажан кургаткычка салынып бүткөндөн кийин пластик айнек жапкыч менен жабылат

Баклажан менен сабизди кургатуу учуру

Күн нуру менен иштеп жаткан батарея

Сабиз тилкеси

Күнөскананын ичиндеги органикалык жол менен өстүрүлгөн бадыраңдардын түшүмү.

Лицейдин участогундагы бөлүнгөн тилкедеги капусталар

Эч кошулмасы жок таза өстүрүлгөн капуста.
Кышкыга витаминдүү жер жемиштер менен тамактануу үчүн күзүндө кам көрүү абзел. Каражатты үнөмдөп таза жер- жемиш менен азыктанып, ден- соолукка да кам көрүү үчүн аталган ыкма эффективдүү болот.
Турсун Омуралиева