“Жаңы-Жер” жамааттык мультимедиа борбору

“Жаңы-Жер” жамааттык мультимедиа борбору

Ак элечек апалар айылдагы кыз келиндерге үлгү болууда

21 Ноябрь 2020 жыл 18:13
Көрүүлөрдүн саны: 658

Жаңы жер айылындагы “Даткайым апалар тобу” илгертен келе жаткан нарк нусканы сактап, кыргыз аялзатына таандык кол өнөрчүлүгүн жайылтып келет. Айылдагы ар бир иш чара апаларсыз өтпөйт. Улуу мурастардын бири болгон кол өнөрчүлүктү жайылтууда апалар көп иштерди аткарышты.

«Даткайым» апалар тобу айылдагы кыз келиндерге үлгү көрсөтүүдө. Алар ар бир айдын 6 сы күнү деп өз ара шерине тамак ичишет. Отурган жеринде жакшы сөздөрдү сүйлөшүп, ыр ырдашып көңүлдүү отурушат. Апалардын ар бири өзүнчө кол өнөрчүлүккө ээ. Мисалы, Таалайкан апа элечектин түрүн оройт. Асья апа өрмөк согот, Нурбү апа саймачы, Башарат апа килем токуйт, Жазгүл апа чий чырмайт, Динара апа шырдак жасайт. Апалардын дагы бир өзгөчөлүгү ыр десе ырдаган, бий десе бийлеген таланттуулугунда.

   

Быйылкы жылы айылдагы маданий үйүндө ачылган комуз кружогуна катышып жүрүшөт. “Кербезим” “Кер Өзөн” “Жаштар Маршы” “Кыз Кербез” жана Жеңи Жоктун “Аккан Суу” күүлөрүн чертип калышты. Арасында ооз комуз черткени да бар. Бүгүн учурдан пайдаланып апаларды сөзгө тарттым;

Асья апа:
«Мен 2017 жылы “Адеп башаты-ападан” деген кароо сынакка айылдын атынан катышып калдым. Ошондо биздин топ түзүлгөн. Жаңы-Пахта, Төмөнкү-Чүй айылынын апалары менен таймашып жеңүүчү болгонбуз. Андан кийин Сокулук району бойунча конкурска катышып, кийин Бишкекте Филармонияда Гала-концертибизди койдук. Андан кийин аылдагы көп эле иш чараларга катыштык. Эки жолу “Көчмөндөр” оюнуна көл өнөрчүлүктөрүбүздү көргөзүп, атайын программа менен даярданып барып катыштык. Биздин негизги максатыбыз; келечекте кыз келиндерибиз кол өнөрчүлүктү улап, каада салтты билип калышса деген эле изги тилегибиз».

Асья апа жашы боюнча эң улуусу, бирок шайдоот кыймылы тың, дайыма күлүп жүрөт. Кийген кийимдерин өзү тигип кийет.

Нурбү апа:
«Биздин топтогу апалар Кыргызстандын 7 дубанынан келип ушул айылга отурукташып калган апаларданбыз. Ар бир апа өз өрөөнүнүн кол өнөрчүлүгүн, тамак ашын, салт санаасын, нарк нускасын көргөзүп келишет. Карылыкка мойун сунганыбыз менен жүрөгүбүз жаштыктын, шаттыктын деми менен согуп, жашоону баалап ар бир убактыбызды текке кетирбегенге аракет кылабыз».

Нурбү апа сайманы жакшы саят. Көргөзмөлөрдө Нурбү апанын колунан чыккан буюмдар элди көп кызыктырат. Куракты да жакшы курайт.

Таалайкан апа:

«Азыр кыргыз аялзатынын турмуш тиричилик кыймылдарын изилдеп, жаңы бий ойлоп таап жатабыз. Бул бийди биз көңүл ачуу үчүн эмес жаш курагыбыз өтүп калгандыктан буту колдун муундарына (гимнастика же физарядка) пайдасы тийсе дейбиз. Мисалы; кийиз тепмей, кийиз басмай, жүн сабамай,аркан эшмей, ийик ийирмей,өрмөк сокмой. Мына бул иштин баарына кыймыл керек. Ал эми азыркы заманда кыз келиндерибиз бул кыймылдан алыс. Себеби заманбап жашоого көнүп калышты».

Таалайкан апанын колуунан элечектин түрү оролот. Уз чеберчилик боюнча эң мыкты апа. Сөзгө чечен, ырдаганда угуп эле отургуң келет.

Динара апа:
«Кыздар эрте жетилип, сезимтал, чыйрак жана ар нерсеге дилгир болот. Кызды жаштайынан үй тиричилигине үйрөтүп, адептүүлүккө, тыкандыкка, тазалыкка тарбиялаган».

Динара апа жакшы бийлейт, ар бир сөзүн талдап сүйлөгөн, ашыкча күлбөгөн апа

Башарат апа:
«Элибиз кызга өзгөчө сый мамиле жасашкан. Кыз өзүнүн үйүндө мейман саналып, туугандарына, кошуналарына, тегиз, түз, жылуу мамиле жасап үлгү болгон. Мына ошол кыз турмушка узап эне болгондо балдарына татыктуу тарбия бере алган. Ал үчүн үй-бүлөөдө ар бир эне бактылуу болуш керек».

Жогоруда апалардын сөздөрү кыргыз элинде кыздардын орду бийик болгонун далилдеп турат.  Айылдагы асылзат апаларды кадырлап, ар бир айткан натыйжалуу кеп кеңешин угуп, унутта калып бара жаткан кол өнөрчүлүгүн улантуу маанилүү.

Эт кымбаттагандан бери Жаңы-Жер айылында мал уурулугу күч алды
Турсун Омуралиева