Жаны-Жер айылынын тургундары, ар улуттан куралган эл. Айылдын так ортосунда эт дүкөнү бар. Дүкөндүн сыртында жазылган жарнама, айыл элинин көнүлүн бурбай койбойт. Ал жерде “АТ ЭТИ” деген жарнама илинип турат. Тили буру айыл тургундары балким бул жарнаманы туура деп ойлошот.
Кыш мезгилинде адамдар эт азыктарына басымдуулук кылышат. Кардарлар дүкөнгө жылкы этин алганы ойлонуп келеби? Же ат этин алганы келеби? Айтор кардар үзүлбөйт. Айтайын дегеним кеп маданиятына көңүл бурсак жакшы болот эле.Туура эмес жазылган жарнамалар кыргыз тилин түшүнбөгөн башка улуттагы айыл тургундарына гана эмес, аралашып бир айылда жашаган биздин эле балдарга дагы таасирин берет. Эзелтен эле элибиз жылкы эти деп айтып келишкен.

Жаңы-Жер айылынын борбордук көчөсүндө жайгашкан эт дүкөнү.
Эт дүкөнүндөгү илинип турган жарнак боюнча сурамжылоо жүргүзгөнүмдө, Жаңы-Жер айылынын тургуну Гүлбара Иманакунова төмөнкүчө жооп берди:
АТ ЭТИ сатылат деген жазууну көргөндө менин бир чети күлкүм келди. Жылкы эти сатылат, жылкынын эти тартылат, жылкы союлат деп эле кулагыбызга сиңип калган илгертен эле. Мен бул суроону небереме да бергем, тилекке каршы ал;
–Туура жазылган “Конина мясо” деп өз оюнда туруп алган. Чындыгында азыркы жаш балдар сөзгө маани беришпейт. Мен неберемдин WatsAppтагы жазууларын көргөндө тан каламын. Мисалы Ооба деген сөздү Оа деп жазып жүрөт. Ушундай сөздор көп эле кездешет. Бул жарнакта деле Жылкы деп жазып олтурбай, кыскача Ат деп жазып койсо керек.

Ал эми айылдагы 9-класстын мектеп окуучусу Сулайман Сагынбековдун жообу:
-АТ ЭТИ туура жазылган. Туура эле.
Ушул эле суроону чогуу отурган Эсенкан уулу Кадырбекке бергенде:
-Туура, ат эти сатылат да деди таңыркап.

Жаңы-Жер айылынын жаш муундары; Туура жазылган деген ойлорунан кайтышкан жок. Түшүнүшпөсө аттын сүрөтү деле турат го дешти күлкүлөрү келишип.
Жогоруда берилген суроого жаштар толугу менен ТУУРА дегенден кийин тыянак чыгарса болот.
Демек жаштар кыргыз тилинин маани-манызын толук түшүнө алышпайт .
Ал үчүн улуу муундагы адамдар, айыл ичиндеги көрнөк жарнак жарнамаларга маани бергенди үйрөнөлү. Биздин Жаңы-Жер айылы ар улуттан куралган айыл болгондуктан кийинки муундар кыргыз тилин жакшы өздөштүрүүгө салымыбызды кошолу демекчимин.
Турсун Омуралиева