“Жаңы-Жер” жамааттык мультимедиа борбору

“Жаңы-Жер” жамааттык мультимедиа борбору

Шайлоо комиссиянын төрага катчылары окутуудан өтүштү

14 Декабрь 2020 жыл 22:11
Көрүүлөрдүн саны: 374

Сокулук райондук мамлекеттик администрациясында Жаңы-Жер, Жаңы-Пахта айыл аймактарына караштуу шайлоо участкалык комиссиянын, катчылары, мүчөлөрү окутуудан өтүштү. Окутууда Кыргыз Республикасынын Президентинин мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча мыйзамдагы айрым өзгөрүүлөр, жарандардын коопсуздугу жөнүндө санитардык эпидемиологиялык алгоритмди так аткаруу боюнча болду.

Сокулук райондук мамлекеттик администрациясы

Окутууну Сокулук райондук аймактык шайлоо комиссиясынын мучөсү Махабат Абдраимова өттү. Ал участкалык шайлоо комиссиянын ыйгарым укуктары, иштөө принциптери, добуш берүү күнүнө чейин жана добуш берүү күндөгү ишмердиги туурасында лекция окуду.  Келерки жылдын 10-январында боло турган даярдыктардын алдын алуу боюнча талкуу болду. Окутуунун экинчи бөлүмүндө комиссия мүчөлөрү топторго бөлүнүп практикалык иш жүзүндө презентация жасашты.

Окутуу учуру Жаңы-Жер, Жаңы-Пахта айыл аймактык шайлоо участкалары боюнча өттү(АСУ) Автоматтык эсептөө урнасын туура иштетүү, техникалык катачылыктарды кетирбөө, шайлоочулар бюлетенди туура салуусун көзөмөлдөө боюнча Самат Турдубаев окутуп үйрөттү.

Автоматтык эсептөө урнасын туура иштетүү, техникалык катачылыктарды кетирбөө, шайлоочулар бюлетенди туура салуусун көзөмөлдөө боюнча үйрөнүү

Жаңы-Жер айылындагы № 7172 шайлоо участкасындагы комиссиянын төрайымы Асылбүбү Базарова төмөнкүчө ой-пикирин билдирди:

Жаңы-Жер айылындагы №7172 шайлоо участкасындагы комиссиянын төрайымы Асыл Базарова.

“Мен №7172 Шайлоо участогунда комиссиянын төрайымы болуп иштеп келем. Бүгүнкү окутууда шайлоону өткөрүүдөгү мыйзамдагы айрым өзгөрүүлөрдү билип алдык. Бул окутуу натыйжалуу болуп, шайлоону мыйзамдуу, так өткөрүп алалы. Биз өз милдетибизди аткарганга аракет кылабыз”.

Азыркы учурда тизмени тактоо иштери жүрүп жатат. Ар бир участкада шайлоочулар таанышуу үчүн тизмелер илинди. Шайлоочулар өзүнө тиешелүү участкага барып, тизмеден өзүн тактап алса болот дейт. Сокулук районундагы аймактык шайлоо участкасынын мүчөсү Махабат Абдраимова.

Сокулук районунун аймактык шайлоо участкасынын мүчөсү Махабат Абдраимова Жекшеновна

Эгерде шайлоочу шайлоочулар тизмесинен таппай калса, дароо участкалык шайлоо комиссиясынын операторго кайрылса болот. Мындан сырткары 119 номерине чалып, смс жөнөтүү менен шайлоочу өзүнүн кайсыл жерде жайгашкандыгы тууралуу маалымат берет. 2020-жылдын 29-декабрына чейин шайлоочулардын тизмесинен тактап алуусу шарт.

Жыйынтыгында эки айыл аймактык шайлоо участокторунан келишкен, шайлоо комиссиясынын жоопту катчылары жана мүчөлөрү ар бирибиз мыйзамдын чегинде, өз милдетибизди так аткарып шайлоону өткөрөлү деген тилектерин айтышты.

 

Турсун Омуралиева