“Жаңы-Жер” жамааттык мультимедиа борбору

“Жаңы-Жер” жамааттык мультимедиа борбору

Жаңы-Жер айыл аймагында шайлоо тынч өттү

11 Январь 2021 жыл 2:47
Көрүүлөрдүн саны: 322

Сокулук районуна караштуу Жаны-Жер айылында 2021-жылдын 10-январында Кыргыз Республикасынын президентин мөөнөтүнон мурда шайлоо жана Кыргыз Республикасын башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум  боюнча шайлоо тынч өттү.

Жаңы-Жер айылындагы 7271 шайлоо участогу

Жаны-Жер айыл аймагында 4 шайлоо участкасы бар.
1. 7269-Нижне Восточное участогу
2. 7270-Жаны-Жердин борбордук участогу
3. 7271-Жаны-Жер Чолпон участогу
4. 7272-Западное участогу
Шайлоого карата даярдыкты айыл өкмөтүнүн администрациясы көзөмөлдөп турушту. Күн мурун “Жаны-Жер -Жарыя” группасынан айыл тургундарына маалыматтарды жиберип, шайлоо боюнча түшүндүрмө беришти. Анда төмөнкүчө жазылган:

Урматтуу айылдаштар!
Эртең 10.01.2021 жыл өлкөбүздө Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо жана мамлекеттик башкаруу формасын тандоо боюнча ири саясий иш-чара өтөт. Сиздердин тандооңуздардан Кыргызстандын келечеги чечилет. Ошондуктан, ар бириңизди шайлоого активдүү катышууга чакырабыз. Шайлоо участоктору эртең менен 8:00дон кечки 20:00го чейин ачык болот. Социалдык жана мобилдик машиналар иштейт.
Байланыш тел.: Участок 7269 (с. Нижне-Восточное)- 0555361755;
Участок 7270 (Жаңы-Жер борбору)-0778578856;
Участок 7271(Жаңы-Жер чолпон)-0708376700;
Участок 7272(с. Западное)-0555163065

Айыл өкмөтүнүн администрациясы

7271-шайлоо участогу боюнча шайлоо комиссиясынын төрайымы Асыл Базарованын берген маалыматы боюнча:

7271 шайлоо участогундагы комиссиянын төрайымы Асылбү Базарова

«Биздин 7172 шайлоо участогунда өз нугунда тынч өттү деп айта аламын. Келген шайлоочулардын маанайы жакшы. Жаны-Жер айыл өкмөт башчысы Мирлан Жекшенов эртең менен шайлоо участокторун кыдырып кабар алып, каалоо тилектерин айтты».

Жаңы-Жер айыл өкмөт башчысы Мирлан Жекшенов

Күндүн суугуна байланыштуу кары-картаңдар жол тайгакта кыйналышпасын деп алыскы көчөлөрдө жашаган шайлоочуларга унааларды уюштуруу маселесин көтөрдү. Шайлоочулардын санитардык талапка жооп берүүсүн камсыздап айылдык оорукананын медайымдары кезек менен иштешти. Келген шайлоочулардын дене табы текшерилип, колдоруна антисептик чачылып, беткапсыз келгендерге беткап таратылды.

Электр жарыктарынын коопсуздук абалынын алдын алып РЭС тин начальниги Талант Султанбаев көзөмөлдөп генераторлорду даярдап турду.

7271 шайлоо участогунун комиссия мүчөлөрү эртең мененки саат 7:15 те келишип даярдык көрүштү.

Келген шайлоочулардын маанайы жакшы, шайлоо тынч жана таза өтүүдө.

 

Шайлоо тынч, таза өтүүдө.

Шайлоонун аягында урнадан чыккан чек

Бюлетендерди саноо учуру

7271 Шайлоо участкасы боюнча шайлоочулардын жалпы саны 2095 деп тизмеде көрсөтүлгөн.
Кыргыз Республикасынын президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого:
Шайлоочулардын саны 2095 болсө,
Алардын ичинен добуш бергендердин саны 658 болсо
Жарактуу бюлетендин саны 656
Жараксыз бюлетендин саны 2 болду.

Ал эми  Кыргыз Республикасынын башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум (Бүткүл элдик добуш берүү)боюнча 2095 шайлоочу болсо:

Добуш бергендердин саны 658
Жарактуу бюлетендин саны 633
Жараксыз бюлетендин саны 25 болду.

Учкун: Шайлоого айыл тургундарынын 45% гана катышты 

Турсун Омуралиева