“Жаңы-Жер” жамааттык мультимедиа борбору

“Жаңы-Жер” жамааттык мультимедиа борбору

Жаңы-Жер: Кесиптик лицейдин окуучулары «Этнокейтеринг» тейлөө кызматын башташты

20 Январь 2021 жыл 0:41
Көрүүлөрдүн саны: 214

Жаңы-Жер айылындагы №43 кесиптик лицейде, кыргыздын каада салттык ыкмасы менен кесипке үйрөтүп окутууда. «Ашпозчу» кесибинин окуучулары, өндүрүштүк окутууда ар кандай иш чараларда «Этнокейтеринг» тейлөө кызматын башташты. 

Аталган окуу жайдагы «Ашпозчу» кесибинин мугалим-устаттарынын демилгеси менен «Этно-кейтеринг» тейлөө кызматын ачышты.  Кыргыздын улуттук  тамак- аштарын, суусундуктарын, идиш аяктарын, кийим-кечеси менен  маданий иш чараларда тейлөө кызматын көргөзмөкчү.

«Ашпозчу» кесибинин мугалим-устаттары, окуучулар жасаган тамак аштарды дегустациялоодо

«Этнокейтеринг»  тейлөө кызматын  «Ашпозчу» кесибинин улуу устаты Динара Абакова уюштурууда.

Сүрөттө «Ашпозчу» кесибинин улуу-устаты Динара Абакова (оң тараптагы)

«Биз окуучуларыбызды кесипке үйрөтүүдө, тарыхыбызга кайрылып,  кыргыздын каада- салттык ыкмаларын пайдаландык. Илгери конок тосуу адеби кандай болгон, Кыргыздардын дасторкон жайуусу, кандай идиш аяктарды колдонгонун, ашканада кыз- келиндер кандай кийингенин дегеле конок күтүү боюнча изилдеп, «Этнокейтеринг»  тейлөө кызматын уюштурдук.

«Этнокейтеринг» тейлөө кызматын көргөзүүдө, улуттук суусундуктарды, куурма чайды дагы кошушту.

Биздин негизги максатыбыз, «Ашпозчу» кесибин үйрөтүүдө окуучуларыбызга өндүрүштүк практикалык сабактын сапатын жогорулатуу үчүн өбөлгө түзүү.  Биздин окуучулар, лицейдин базасында өтүлүүчү маданий иш чараларда, семинар-тренингдердин катышуучуларына «Этнокейтеринг» тейлөө кызматын көрсөтө башташты»,- дейт Динара Абакова.

«Этнокейтеринг» тейлөө кызматын көргөзүүдө унаага жүктөгөнгө жеңил тегерек столду, колго тигилген олпокторду алып барышат. Ал эми жыгач табактарды айылдагы этникалык кыргыздардан сатып алышкан.

Алгач тамактанууга чейин, кыргыз жигити колго суу куйуу кызматын көргөзөт.

Кыргыз кызы чай куйуу кызматына даяр

«Этнокейтеринг» тейлөө кызматы  улуттук тамак аштарды, кыргыздын нукура каада салтын чагылдырып кардарларга тамактануу үчүн каалаган жерге уюштуруу. «Этнокейтеринг» тейлөө кызматынын негизги артыкчылыгы- мобилдүүлүк жана жагымдуу жакшы маанай тартуулап, кыргыз көчмө ашканасын жайылтуу.

Турсун Омуралиева