Жаңы-Жер айылындагы №43 кесиптик лицейде Корей Эл аралык кызматташтык агенттигинин долбоор жетекчиси Ким Чул Ёнг жана административдик жардамчысы Дүйшөнаалы уулу Дайыр лицейдин коллективи менен жолугушту. Жолугушуунун максаты Кыргыз Республикасындагы органикалык айыл чарба саясатын ишке ашырууну колдоо жана дыйкандардын мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу боюнча долбоордүн боюнча өнөктөштүк кызматташуу, №43 Кесиптик лицейдин базасы менен таанышуу.

№43 Кесиптик лицейдин базасы менен таанышууга Корей Эл аралык кызматташуу агенттигинин долбоор жетекчиси Ким Чуль Ёнг жана Административдик жардамчысы Дүйшеналы уулу Дайыр, лицейдин жетекчиси Бактыгүл Жусупова менен жолугушту.

Ким Чуль Ёнг менен Дүйшеналы уулу Дайыр лицейдин базасы менен таанышууда

Сүрөттө; Интенсивдүү технология ыкмасы менен жер жемиш өстүрүү үчүн уруктарды өндүрүп көчөт өстүрүү жөнүндө Ким Чуль Ёнгго маалымат берилди.
Ким Чуль Ёнг «Кыргыз Республикасындагы органикалык айыл чарба саясатын ишке ашырууну колдоо жана дыйкандардын мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу боюнча долбоор/KOICA ODA PROJECT» долбоордун жетекчиси менен болгон сүйлөшүү боюнча, кесиптик лицейдин улуу устаты Сажида Саадабаева айтып берди:

Кесиптик лицейдин улуу устаты Ким Чуль Ёнгго органикалык уруктарды өндүрүү боюнча айтып берди
«Бүгүнкү күнү келген Корей Эл аралык кызматташтык агенттиги (KOIKA) менен буюрса биз кызматташууну көздөдүк. Биздин лицейдин базасында урук өстүрүү, корей тоокторун багуу жөнүндө сүйлөшүүлордү жүргүздүк. Эгер ушул сүйлөшүүлөр ишке ашырылса, кыска мөонөттүк тоок багуучу фермерлерди окутууга мүмкүнчүлүк түзүлөт эле. Анда биз бул долбоор аркылуу корей тоокторун багып, фермерлерге өндүрүштүк окутуунун сапаттык деңгээли жогоруламак».

Ким Чуль Ёнг жер жемиш өстүрүүчү кесибинин окуучусу Нурболот Токтомамбетов менен баарлашуу учурунда
Жыйынтыгында Корей Эл аралык кызматташтык агенттигинин долбоор боюнча жетекчиси Ким Чуль Ёнг №43 Кесиптик лицей менен кызматташууга мүмкүнчүлүк бар экендигине ынанып, кийинки жолугушууларда долбоордун өкүлдөрү менен келе тургандыгын белгиледи.
Ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген кыздар тигүүчү кесибин өздөштүрүүдө
Турсун Омуралиева