Бугүн Сокулук районуна караштуу Жаңы-Жер айылындагы №43 Кесиптик лицейде Жаңы-Жер айыл аймактык милиция бөлүмчөсүндө эмгектенишкен милициянын ага лейтенанты Жыргалбек Ниязалиев жана милициянын лейтенанты Актилек Рахманов окуучуларга жыйналыш өттү. Жаш өспүрүмдөргө таажы илдетинен сактануу үчүн эрежелерди сактоо, рекетчиликке жол бербөө, кылмыштуулуктун алдын алуу жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.
№43 Кесиптик лицейде жалпысынан 9 кесиптик багытта 283 өспүрүм билим алат. Алардын ичинен ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген 32 окуучу бар. Алардын дээрлик көпчүлугү алыскы облустардан келгендиктен жатаканада 116 окуучу жашайт. Ата-эненин көзөмөлүнөн алыс болгон бул окуучуларга кесиптик лицейдин мастер мугалимдери өздөрүнүн тайпасындагы окуучулар менен күнү-түнү иш алып барышат.
Жатаканада жашаган окуучулардын тынчтыкта жашоосун, кылмыштуулуктун алдын- алуу үчүн мугалим-мастерлер кезектешип график түзуп алып, кечкисин жатаканадагы окуучуларга ар кандай ыкмадагы оюн, аңгемелешүүлөрдү, тазалык тартип конкурстарды уюштуруп иштешет.

Сүрөттө: милициянын ага лейтенанты Жыргалбек Ниязалиев жана милициянын лейтенанты Актилек Рахманов, окуучуларга кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча лекция окуу учурунда

Жатаканада жашаган 1-курстун окуучуларынын көбү, алыскы облустардан келишкен
Ал эми өспүрүмдөр менен иштеген ИДН дин инспектору Алия Иманалиева дайыма тартибин көзөмөлдөп, мобилдик телефон аркылуу ар кандай коркутуу, интернет оюндары жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүп турат.
Бүгүнкү, жалпы лицейдин окуучулары менен болгон жыйналыштан кийин Актилек Рахманов өспүрүмдөр жөнүндө төмөнкүчө айтып берди:

Милициянын лейтенанты Актилек Рахманов Жаңы-Жер айыл аймактык милиция бөлүмчөсүндө иштейт.
«Быйылкы жылы өлкөбүздөгу таажы илдети күч алганы кесиптик окуу жайлар окуучуларды үйүнө тараткан. Жаш өспүрумдөрдүн көпчүлүгү үйдө отуруп калгандыктан, интернет менен алаксып калышты. Кээ бир окуучуларга кечке чейин өз кызыкчылыгы менен ар кандай оюндарга, туура эмес сайттарга кирүүгө мумкүнчүлүк болду. Мен бугүн окуучуларга интернетти туура пайдалануу, чылым чекпөө, спирт ичимдиктерин ичпөө, рекетчилик, кылмыштуулук жөнүндө түшүндүргөнгө аракет кылдым.
Алыскы аймактардан келип, жатаканада жашаган окуучулар арасында бири-бирин тоноо, уурулук, үстөмдү кылуу болбосу үчүн дайыма көзөмөл жана түшундүрүү иштери байма-бай болуп туруу керек. Учурда мектеп жана кесиптик лицейлерде рекетчилик көйгөйү көбөйүүдө. Мен мугалим- мастерлерге эскерте кетет элем. Окуучулар рэкетчиликке кабылганда кандай мүнөздүү белгилери пайда болот, ошону байкап бизге кабарлап турушса.
Мисалы, биринчиден жүрүш-турушу өзгөрөт, аз сүйлөп, түнт болуп калат.
Дайыма ар кандай шылтоолорду айтып окуудан качат, ичим ооруп жатат, башым ооруп атат дейт.
Чөнтөк чыгымдары үчүн акчаны ата-энесинен адаттагыдан көбүрөөк сурап, ал гана эмес алардын талабын аткаруу үчүн ар кимдин акчасын уурдашы мүмкүн.
Окуунун көрсөткүчтөрү төмөндөйт. Көңүл буруусу же ыкластыгы азайып, кичинекей эскертүүдөн ыйлап жиберет же жинденет. Жана эң башкы белги бул – баланын денесинде же бетинде көк тактардын, шишиктердин пайда болушу, жана ал тактардын эмне болуп пайда болгонун ал ачык жана байланыштырып айтып бере албайт».
Жыйынтыгында жатаканада иштеген тарбиячылар окуучуларга, ынтымакта, биримдикте болууга чакырып, милиция кызматкерлери дайыма көзөмөл кылышарын белгилешти.
Жаңы-Жер: Кесиптик лицейдин окуучулары «Этнокейтеринг» тейлөө кызматын башташты
Турсун Омуралиева