Сокулук районуна караштуу, Жаңы-Жер айылындагы №43 кесиптик лицейдин мүдүрү Бактыгүл Жусупова иш- аракетинин аркасында окуучуларды кесипке үйрөтүүдө, мугалим-устаттар этнобилимге карай окуутуунун тематикалык пландарын иштеп чыгышты.
Кыргыз элинин, тиричилик турмушунда каада – салты, үрп – адаты, ырым-жырым жөрөлгөлөрү төрөлгөндөн баштап, акыры ичер суусу түгөнүп көзү өткөнгө чейин коштоп жүрөт. Байыркы кыргыздын кан жанына сиңип калган баба салты, замандын өзгөрүшү менен кийинки муундардын аң семине жараша коомдук кабыл алууда бурмалоолорго учурап өзгөрүп калышы мүмкүн.
Бирок каада – салт кандай гана өзгөрүүлөргө учурап, унуткарылууга мажбурланса дагы улут уңгусунун түпкү нугун, тарых барактары бузбай сактап келет.
Мисалы, советтик идеологиянын талабына ылайык улуттук баалуулуктар менен кошо элдик салт – санааларды да жок кылууга багытталган иш – аракет өз убагында кыргыз элинин турмушуна таасирин тийгизсе дагы баары бир элдин кан — жанына сиңип калган тилин, каада — салтын элден бүтүндөй ажырата алган жок.
Кыргыз эли эгемендүүлүккө ээ болуп, өзүнүн тилине, тарыхына түп башатына кайрылып, улуттук өзгөчөлүктөрүнө баа берип аздектөөгө өттү.

Учурда №43 кесиптик лицейдин директору Бактыгүл Жусупова коллективи менен окуучуларды этнобилим аркылуу окутуу ыкмасын колдонуу жөнүндө айтты:

№43 Кесиптик лицейдин мугалимдери «Этнокейтеринг» кыска мөөнөттүк окутуу курсуна окутууда
«Илимий изилдөө иштеринин натыйжасында тил, каада – салт маселелери актуалдуу болуп, тарыхыбызга кайрылып, элибиздин каада – салт, үрп – адаттарын ачык анализдеп этномаданий мурастары болгон улуттук руханий баалуулуктары жөнүндө маселелерди ар кандай деңгээлде көтөрүп чыгышты.
Кыргыз эли тарыхтан өз түп башатын издеп, улуттук баалуулуктарына маани бере баштаган учурда жаңы максатты көздөгөн этнология, этнография, этнопедагогика, этнопсихология, этномаданият жана этнобилим илимдери өсүп, өнүгүүдө.
Азыркы рынок жана ааламдашуу мезгилинде руханий байлыктан да материалдык байлык бааланып калган заманда, өз этномаданиятыбызды чанып, чет элдин маданиятын туурагандар көбөйүп бараткан коомубузда улут жана улуттук маданий өзгөчөлүктөр тууралуу кесиптик багытта этнобилимдин сапатын көтөрүү зарыл.
Ал үчүн биздин №43 кесиптик лицейде окуучуларды кесипке үйрөтүүдө мугалим-устаттар менен окуутуунун тематикалык пландарын чыктык.

Дыйканчылык кесибине окутууда, байыркы кыргыз элинин ырым жырымдарды колдонуп каада салттык ыкма менен дыйканчылык кесибин изилдеп, окуучуларга үйрөтүүдөбүз.

«Ашпозчу» кесибинин устаты Салтанат Маматова окуучуларга конок күтүү адеби боюнча класстык саат өттүү учурунан
Ошондой эле “Ашпозчулук” кесибине даярдоодо дагы окуучуларга өндүрүштүк сабакты кадимки кыргыз очокторуна тамак аштын түрүн даярдашса, “Наавайчы” кесибин үйрөтүш үчүн тандырга нандын түрүн жасатуудабыз.»

«Ашпозчу» кесибинин окуучулары ушул кемеге очоктордо практикалык сабактарын өтүшөт
Азыркы учурда кесиптик лицейге, айыл тургундарынан кыска мөөнөттүк окуу курсуна суроо талап көп болгондуктан, ар тармактагы кесипке үйрөтүү үчүн окутууларга кабыл алууда.
Турсун Омуралиева