“Жаңы-Жер” жамааттык мультимедиа борбору

“Жаңы-Жер” жамааттык мультимедиа борбору

Биолаборатория; Жашылча жемиш өстүрүүдө зыянкеч ооруларга каршы күрөшөт.

10 Февраль 2021 жыл 16:41
Көрүүлөрдүн саны: 123

Сокулук районуна караштуу Жаңы-Жер айылындагы кесиптик окуу жайда, жашылча жемиш өстүрүү үчүн, зыянкеч ооруларга каршы биолаборатория курулууда. Биолабораторияны куруу ишин, кесиптик лицейдин жамааты колго алышты. Алар Органикалык кыймыл департаментинин биолабоаторияларын көрүп, керектүү маалыматтарды алып турушат.

Аталган кесиптик лицейде 3 жылдан бери жашылча-жемиштердин (помидор, болгар калемпири) жергиликтуу үрөөндөрүн өстүрүү максатында иш уланып келет. Былтыркы жылдан баштап капуста, сабиз үрөөндөрүн кошуп өстүрө башташкан.

№43 Кесиптик лицейде органикалык таза, жер жемиштерди өстүрүшөт. Ал үчүн жергиликтүү айылдык дыйкандардан таза үрөондүн уруктарын чогултушкан.

Бүгүнкү маекте окуу жайдын “Айыл чарба өндүрүшүнүн устаты кесибинин ” мугалими Өмүрбек Орозобеков төмөнкүчө айтып берди;

Өмүрбек Орозобек уулу №43 кесиптик лицейде көп жылдан бери эмгектенен. Өзүнүн кесиби «Айыл чарба өндүрүшүнүн устаты» болгону менен өзүнө тиешелүү курулуш иштерин өзү эле бүтүрүп алат.

“Биздин кесиптик лицей жашылча жемиштин жергиликтүү үрөөндөрүн чогултуп өстүрүүдөбүз. Жашылча -жемиш өстүрүүдө (органикалык) зыянкечтер, оорулар менен күрөшүүдө ар кандай кыйынчылыктар жаралууда. Элдик ыкмаларды колдонгонубуз менен бирок таасири аз болууда.
Ошол себептен быйыл оорулар жана зыянкечтер менен күрөшүү максатында биолаборатория куруп жатабыз.

Мугалим мастерлердин иш аракети менен ушундай бөлмөлөрдү бири-бирине кошуп лабаротория кылышты

Ал үчүн биз Органикалык кыймыл департаменттигинин биолабораторияларын көрүп, керектуу маалыматтарды, кенештерди алып ишибизди баштадык.

Биолабораториянын даяр болуп калган учуру.

Биз алгач бөлмө кичинекей болгондуктан ортодогу бөлүнгөн дубалды көчүрүп алып таштоого туура келди. Бөлмөлөрдүн чатыры бийик богондуктан аны ылдый түшүрүп жылууладык. Азыркы учурда дубалдар пластик менен жабылууда»

 

Турсун Омуралиева.