Жаңы-Жер айылындагы №43 Кесиптик лицейдин окуучулары, интенсивдүү технологияны колдонуп, жашылча –жемиш өстүрүүдө. Бул окуу жайда, ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген окуучулар үчүн атайын кесиптик окутуулар бар. Ошол окуучулардын аракети менен, эки жылдан бери күнөсканада интенсивдүү технологиясын колдонуп жашылча жемиштерди өстүрүшөт.
“Жашылча жемиш өстүрүүчү” кесибинде окушкан бул окуучулардын жазганга, окуганга мүмкүнчүлугү жок болгондуктан, кесипке практикалык иш жүзүндө үйрөтүп даярдашат.

«Ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген» окуучулар күн сайын өздөрүнүн өнүп келе жаткан үрөөндөрү менен алек.
“Өз кесибин сүйгөн бул окуучулар убактысынын көбүн ушул жерде өткөргүлөрү келишет” деп сөз баштады улуу устат Сажида Саадабаева;
Биздин лицейде ”2019- жылы интенсивдүү технологиясын колдонуу менен узундугу 42 метр, туурасы 10 метр, бийиктиги 3 метр болгон күнөскана курулган. Эң алгач анда помидор, бадыраң өстурүлдү. Андан кийин 2021 – жылдын 20- январынан баштап биз быйылкы жылга көчөт өстүрүүнү баштадык. Учурда топурактар дайындалып, үрөөн себилди.

Болгар калемпиринин өнүп калган үрөөнү жергиликтүү дыйкандардан чогултулган.
Бүгүнкү күнгө көчөттөрүбүз өсүп жетилүүдө. Убактысы менен сугарылып, түбүн үйүп көзөмөлдөө иштери жүрүп жатат. Ар бир окуучу өздөрүнө энчилеп бирден жыгач идиштерди бөлүп алышкан. Эң алгач үрөондү өндүрүүдө үстүн кленка менен жаап жылуулап караш керек. Алар чыдабай кайра кайра ачып карагылары келишет. Ар күн сайын сарсанаа болуп келип карап турушат.

Алар үчүн бул иш аябай кызыктуу. Өнүп келе жаткан үрөондөрүн көргөндө тим эле сүйүнүшөт.

Өсүп даяр болгон көчөттөрдү күнөсканага алып барып отургузушат.

Күнөсканада көчөттөргө кам көрүүдө
Турсун Омуралиева