“Жаңы-Жер” жамааттык мультимедиа борбору

“Жаңы-Жер” жамааттык мультимедиа борбору

Студент: «Чоң атам мен тандаган кесипти аябай жактырат»

10 Февраль 2021 жыл 20:18
Көрүүлөрдүн саны: 125

Сокулук районундагы Жаңы-Жер айылындагы №43 Кесиптик лицейде окуган Султанбай Султанбаев, ветеринар-оператор кесибинде билим алат. Анын бул кесипти тандоосуна мал чарбасына болгон кызыгуусу себепкер. Ал Чоң атасы Туру карыя, кыргыздардын мал жандыкка кылган мамилесин айтып үйрөткөнү да түрткү болгон дейт. 

№43 Кесиптик лицейинин студенти Султанбаев Султанбай

Жаңы-Жер айылындагы №43 Кесиптик лицейинин студенти Султанбаев Султанбай учурда «Ветеринар-оператор» кесибинде окуйт.

«Бул окуу жайда көбүнчө «Этнобилимди» байланыштырып кесипке үйрөткөндүктөн, мага чон атамдын берген насаатынын кереги тийди. Мен бул кесипти тандаганыма дагы  чоң атамдын да үлүшү бар.  Азыр айылдагы досторум менен ветеринар-оператор кесибинде окуп жатамын. Мурда борборго барып окуйм, иштейм деген кыялдарым бар болуучу. Кийин ал оюмдан кайттым.

Султанбай Султанбаевдин бабасы Туру Султанбаев карыя быйыл 93 жашта

Чоң атам, чындыгын айтканда «Бабам» анткени чоң атам Сагынбек болот, анын атасы 93 жаштагы Туру бабам. Бирок биз чөбөрөлөрү чоң ата деп айтып көнүп калганбыз. Туру чоң атам ушу күнгө чейин мал багып алектенет. Бизди да малга жакын кылды.

Туру карыя 93 жашка чыкса дагы мал жандыктарын өзү көзөмөлдөп турат

Дегеле кыргыз элинин турмуш тиричилиги мал чарбачылына байланышкан. Мен бул маалыматтын баарын лицейде окуганы издене баштадым»,- дейт студент.

 

Туру карыя чөбөрө кыздарынын дагы тилин таап, мал жандыкты сүйүүгө, жакшы мамиле кылууга тарбиялайт.

Кичинекей 4  жашаар чөбөрөсү Камила, козулар менен ойнойт.

Султанбай Туру чоң атанын айтуусу боюнча малга карата салттуу билимдерди айта кетти:

  • Койдун жүнүнөн жип ийирип кийим кийишкен, кийиз жасап боз үйгө колдонушкан, терисинен идиш аяктарды жасашкан.
  • Кыргыз элинин тамак ашы негизи эле сүт, эт азыктарынан эмеспи. Ошол үчүн кыргыздар малга өзгөчө мамиле кылышкан.
  • Кыргыздарда малдын туут убактысында жаны туулган козунун же улактын киндиги катмайынча малды сойгонго болбойт, убал дешкен. Көп койдун ичинен биринчи туулган козуну төл башы деп ардактап жакшы багышкан. Койдун туут убактысында, козуну жаңы туулган кезинде мурдун шыпырып оозандырат дагы аз гана эмизет. Эгер көп эмизсе козулар чычкактайт.
  • Эмизип жатканда жерге сүт төгүлсө, ал сүткө колду тийгизип туруп козунун ийинине сүйкөп коет.
  • Козуга эн салганда, кулагын тешип шоона байлап койчу.
  • Койдун түйнөгү болгондо, аны кадимкидей эле жаткызып алып калп союмуш болот дагы «Чык түйнөк»-деп эки уч жолу ургулап бошотуп жиберген ырым бар.
  • Эгер койду сойгондо, көк боорунун тегереги жашылданып кетсе малга көз тийгендин белгиси.
  • Эгерде короодогу койлор өлүмдүү болуп көп зыянга учурай берсе, малды мазарга алып барып түлөө кылып, ырымдап кой сойуп бардык малды ошол жерге түнөтүшөт.
  • Койдун кар жилигин көзөнөк чөп өткөзүп туруп, керегенин башына илип койот, бул ырым малды аман сакташ үчүн

Султанбаев Султанбай учурда короодогу малды өзү дарылап карайт. Ал гана эмес коңшуларына дагы жардам керек болгондо уй туудурганга деп чакырышат.  Быйыл 3-курсту аяктаса, кийин билимимди  жогорулатам деген ой тилегин айтты.

Кесиптик лицейде этнобилим ыкмасын колдонуп кесиптик багытта адистикке даярдайт
Турсун Омуралиева