Сокулук районуна караштуу Жаңы-Жер айылына, Кыргызстандын алыскы аймагынан келген Таалай апабыз эмгекчил, мээнеткеч, күчтүү, өмүрүнүн бир күнүн текке кетирбеген, сөзгө чечен, акылман, ар кыл таланттуу айымдардын катарын толуктайт.
Айылда эл сыйлаган, өз күчү, аракети менен ийгиликке жеткен, ишкерлик кылган, эл кызматында өзүн көрсөткөн Таалай апа жөнүндө сүрөт баян;

Таалайкан Бекматова кыргыз элинин өнүгүшүнө аялзатынын салымы чоң болушу керек. Ал үчүн аялзаты өзүн өнүктүрүү керек дейт.
Сурамжылоого алганда, элеттик айымдарга карата калыптанып калган элдин көз карашы төмөнкүчө:
Элет жериндеги аялдар — «үй-бүлөлүү, эмгекчил, күчтүү, ошол эле убакта өзүн жалаң гана үй-бүлөгө арнаган, кайын журтка каршылык көрсөтпөй, бардык кырдаалды туура кабыл алган, бирок өзүнүн ден соолугун карабаган, бир аз жүдөгөн, басынган үй кожейкеси» деп элестетишет.
Ал эми шаардык аялдарды «билимдүү, көп нерселерге умтулган, өзүн карап, жакшы алып жүргөн, бактылуу, ак-кол, өзүмчүл,ден-соолугуна келбетине кам көргөн, карьерасын түптөөгө умтулган айымдар” деп ойлошот.

Таалайкан Бекматова Айылдык кеңеште аялдар конгресинин төрайымы

Таалайкан апа Жогорку кеңеште жыйында

Таалайкан апа «»Айым апалар тобунун жетекчиси болуп 2017-жылдан бери иш чараларга катышат.

Таалайкан апа көлдө эс алууда жүргөн учуру. Ден-солугуна көңүл бөлүп өзүн сергек алып жүрөт.

Таалайкан апа жайлоодо курбулары менен

Таалайкан Бекматова Кыргыз радиосунун студиясында ыр жаздырууда

Таалай апа Кырчын жайлоосунда өткөн «Көчмөндөр» оюуну -2 келген конокторго чий чырмоо боюнча мастер класс көргөзүүдө

Таалай апа дайыма алкыш баракчасына татыктуу

Таалай апа комуз, ооз комуз, гитарада жакшы ойнойт

Таалай апа Жамал Сейдакматова менен

Таалай апа айылда ден-соолук комитетинин мүчөсү

Таалай апа небереси менен

Таалай апа театр жаатында дагы өзүн сынап көрүп актердук чеберчилиги менен элди таң калтырган

Таалай апа элечектин түрүн оройт.

Таалай апа КТР де
Турсун Омуралиева