“Жаңы-Жер” жамааттык мультимедиа борбору

“Жаңы-Жер” жамааттык мультимедиа борбору

Айылдык жеңе Айжамал; “Айыл тиричилиги менен балдарды тарбиялоо женил”.

21 Февраль 2021 жыл 21:41
Көрүүлөрдүн саны: 827

Сокулук районундагы, Жаңы-Жер айылынын тургуну Айжамал Шарыпжанова жөнүндө сүрөт баян;
“Айыл турмушу-жашоомдун кызыгы. Айылдагы тиричилик, чарбачылык түйшүктүн аркасы менен уул кыздарыбызды эмгекке үйрөттүк. Кыргыз каада-салт, үрп-адат, ырым-жырым жөрөлгөлөрүнүн баарын билишет. Себеби балдардын күзгүсү биз экенбиз, жолдошум экөөбүз шаарда жашап калганда балдарыбыз этномаданияттыбызды тааныбай калышат эле.”

Жолдошу Талант Султанбаев экөө тең жогорку билимдүү болушса дагы шаар турмушун көздөгөн эмес. Аларга айылда жашоо рахат тартуулайт.

Уул-кыздарына улуттук баалулуктарды, этномаданий мурастарды таанытууга аракет кылышат.

Чоң кайнатасына кылган ызат сыйы менен балдарына үлгү болууга аракет кылат.

Үй-бүлөөнүн турмуш тиричилиги таңкы 5 те уй саамай менен башталат.

«Уйду бадага жеткирүү мен үчүн таңкы көнүгүү болот. Себеби уйду кечиктирбей бадага кошуу үчүн чуркап барамын дейт» Айжамал 

«Чөп түшүрүү маалында, коңшуларымдын короосу текши көрүнөт. Эгерде короодо жүрүшсө чогулуп чай ичишкенге шарт түзүлөт» деп күлдү

«Уйга маалы менен жем чөбүн бербесем, ал да мага сүтүн бербейт»

«Чоң кайнатам экөөбүз политиканы чагабыз, ал киши радиодон укса мен интернеттен билип алам. Бирок гезит окууну да унутпайбыз.» деди Айжамал

«Жолдошум алып берген унаада»

Кой сойгон боюнча мастер класс көргөзө алам

Кой сойгонду турмушка чыга электе эле билчүмүн

Ич эттен жасалган өрдөк

Ичегиден олобо, бешсалаа, быжы жасаганды жактырам

«Беш салаа өргөндү кызым дагы үйрөнүп калды»

«Үй кожойкеси иттин тамагын унутпай берип туруш керек. Корообузду кайтарып, бул да биз менен ырыскылаш» дейт Айжамал

«Өзүбүз баккан малдын эти даамдуу келет. Базардан эт албаганга аракет кылабыз»

«Тамак ашты кадимки эле мешке от жагып бышырып алам»

«Бош убактымда тикмечилик кыламын.»

Айыл тумушу менен күн өткөрүүдө эрте туруп сергек жашоого үйрөнүп, убактыңды бөлүштүрө аласың. Ак эмгек, маңдай териң менен табылган киреше берекелүү болуп ысырапчылыкка жол бербей, сарамжалдуу жашоого үйрөтөт.

Турсун Омуралиева.