“Жаңы-Жер” жамааттык мультимедиа борбору

“Жаңы-Жер” жамааттык мультимедиа борбору

Кесиптик лицейде мелдештик оюн-зооктор өттү

24 Февраль 2021 жыл 0:32
Көрүүлөрдүн саны: 115

Сокулук районуна караштуу Жаңы-Жер айылындагы №43 Кесиптик лицейде 23-февраль Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө карата аскердик иш чара уюштурулду. Иш чарага “Коргоо жана күзөтүү департаментинин 12-ротасы” окуучуларга, аскердик жүрүш өткөрүп, мелдештик оюн зоокторду көргөзүштү.

Аталган окуу жайдын эркек балдары менен 12-ротанын кызмат өтөөчүлөрү мелдештик оюндарда жобого ылайык тапшырмаларды аткарышты.

Сүрөттө; 12-ротанын солдаты командири менен (аты жөнүн атоого уруксаат берилбеди)

Лицейдин окуучулары тууну илүүдө

Аскердик жүрүшкө басуунун алдында Кыргыз Республикасынын Гимни ырдалды

12-ротаныл солдаты менен лицейдин окуучусу «Кол күрөш» мелдешинде

«Аркан тартыш» оюну

«Күч сынаш»

Кесиптик лицейдин кыздар командасы дагы иш чарага активдүү катышышты

Жыйынтыгында мелдештин жеңүүчүлөрүнө сыйлыктар тапшырылып, майрамдык концерт менен коштолгон дасторкон үстүндө тамактанышты.

Жаы-Жер: Лицейдин бүтүрүүчүсү окуучуларга азык- түлүк алып келди
Турсун Омуралиева