Жаз айынын келиши менен, Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн администрациясы “3-Март Кыргыз Туусунун күнү” 5-Март Улуттук баш кийимибиз «Ак калпак күнү” ал эми келе жаткан “8-Март Бүткүл Дүйнөлүк Аялдардын Эл аралык күнү” майрамдарын белгилөө үчүн Жаңы-Жер айылында жашаган жалпы элди, апаларды, аталарды куттуктоо максатында иш- чара уюштурду.

Жазаларды аткаруу малекеттик кызматынын №19-мекемесинин коллективи атайын даярданып келген концерттик программасы менен олтурган элдин маанайын көтөрүштү.

3-Март Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туу
күнү жөнүндө патриоттук ыр ырдалды.
Жаңы-Жер жамааттык медиасынын кабарчыларынын берген маалыматы боюнча иш- чара айылдагы №43 Кесиптик лицейде өткөрүлүп, 300гө жакын адам катышты.

«Айым» апалар тобу майрамдык маанайды көтөрүштү.
Келген коноктордун катарында айыл аксакалдары, баатыр энелер, “Айым” апалар тобу, Жаңы-Жер айыл аймактык оорукананын жалпы жамааты, Жаңы-Жер орто мектеп комплексинин коллективи, №43-Кесиптик лицейдин коллективи, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын 19-мекемесинин кызматчылары, Айылдык кеңештин депутаттары болду.
Иш- чараны Жаңы-Жер айыл башчысы Мирлан Жекшенов 2017-жылдан бери аткарылган иштер боюнча маалымат берип, андан кийин куттуктоо сөзү менен ачты.

Жаңы-Жер айыл башчысы Мирлан Жекшенов
Майрамдык маанайды көтөрүп “Айым” апалар тобу жана Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын 19-мекемесинин кызматчылары концерттик программасын тартуулашты.

Атайын кабарчылардын алган маегинде Жаңы-Жер айыл башчысы Мирлан Жекшенов төмөнкүчө пикирин билдирди:

«Айым» апалар тобу Мирлан Жекшеновго ыраазычылыктарын айтып, ак калпак кийгизип, баталарын беришти
“Мен Мирлан Ратымбекович 2017 жылдан Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн башчысы болуп иштеп келемин. Бүгүн өзүңөргө белгилүү болгондой жаз айынын келиши менен 3-март Кыргыз Туусунун күнү болду, бүгүн болсо 5-март улуттук баш кийимибиз Ак калпак күнү, ал эми келе жаткан 8-март Бүткүл дүйнөлүк аялдардын эл аралык күнун белгилөө үчүн уч майрамды бирге жалпы элибизди апаларды, аталарды, жалпы жашоочуларды куттуктоо максатында иш- чара өткөрдүк.

Жаңы-Жер айылындын аксакалдары
Жаңы-Жер айыл аймагында көп улуттуу элдин өкүлдөрү жашайт. Ар кайсы аймактардан келген элдерибиз бар. Ар дайым ынтымактуу жашап келебиз. Берекелүү жер, элдин баардыгы эмгекти сүйгөн эл. Элибизге эң биринчи ден-соолук, иштерине ийгилик каалаймын. Жерибизде тынчтык, элибизде токчулук болсун.

Майрамдык иш чарага келген ар бир аялзатына белекке гүл берилди
Келе жаткан 8-март Аялдардын эл аралык аялзаты күнүндө апаларга, эжелерге, карындаштарга ден-соолук, иштерине ийгилик каалаймын. Ар дайым үй-бүлөлөрү менен аман-эсен болсун. Ал эми биздин айыл аймак ар дайым алдыда болуп, өнүгө берсин.”
Жаны-Жер айылынын жашоочулары майрамдык иш- чарада жайылган дасторкондон даам сызып, көңүлдүү отурушту. Эскерте кетсек мындан мурун Жаңы-Жылдык майрамдын алдында дагы айыл тургундары үчүн ушундай иш чара уюштурулган.
Турсун Омуралиева, Нурай Ибраева, Перизат Жалилова