“Жаңы-Жер” жамааттык мультимедиа борбору

“Жаңы-Жер” жамааттык мультимедиа борбору

«Тигүүчү» кыздар мугалимдерин куттукташты

8 Март 2021 жыл 0:57
Көрүүлөрдүн саны: 88

Сокулук районунун Жаңы- Жер айылындагы кесиптик лицейде “Тигүүчү” кесибинде окуган кыздар, 8-март майрамга карата мугалим эжелерин концерттик программа менен куттукташты. Ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген бул кыздардын дээрлик көпчүлүгү эне мээримине же эне камкордугуна зар болгон кыздар. Бүгүнкү майрамда кыздар аткарган ырлары менен мугалим эжелерин ыйлатышты.

«Тигүүчү» кесибинде окуган кыздар устаты Нургүл Абылкасымова менен

“Тигүүчү” кесибинде ден-соолугунан мүчкүнчүлүгү чектелген 12 кыз окуйт. Өз кесибине берилүү менен окуп үйрөнүүнү аракет кылган кыздар, учурда ар кандай азем буюмдарды жасоодо.

Майрамдык белек катары мугалимдерге кездеменин калдыктарынан гулдестелерди даярдашты

Алар лицейдин жатаканасында жашагандыктан, кечкисин бош убактыларында лицейде өткөрүлүүчү майрамдык иш-чараларга даярданып ырдап бийлешет.

Конкурстук иш- чараларда биринчиликти алууга аракет кылып, кээ бир учурларда лицей боюнча биринчи орунду беришпейт. Кыздардын бүгүнкү майрамдык концертте аткарган ырлары тарбиячы мугалимдерди ыйлатты.

Кыздар «Эне» жөнүндө ырдашканда залда олтурган тарбиячы-мугалимдер ыйлап жиберишти

Окуу бөлүмү боюнча директордун орун басары Асира Назарматова кыздар жөнүндө өз оюн билдирди:
«Бул кыздар өзгөчө таланттуу кыздар, биздин лицейдеги башка окуучуларга үлгү боло турган кыздар. Ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгенине карабай эмгекти сүйгөн, аракетчил, билимге умтулушат.

Арасында эненин мээримине куса болгон же атасы жок кыздар да жок эмес.  Лицейдин жамааты колубуздан келишинче камкордугубузга алып, окутуп тарбиялап аракетибизди жумшап жатабыз».

Майрамдык концерттин сонунда кыздар өздөрүнүн кол эмгегинен жаралган көргөзмө буюмдарын жана кездеменин калдыктарынан жасалган гүлдестелерди мугалимдерге белекке беришти.

 

Нурай Ибраева