Сокулук районундагы Жаңы-Жер айылындагы №43 Кесиптик лицейдин мугалимдери Бишкек шаарында «CAMP Ала-Тоо коомдук фонду» тарабынан уюштурулган «Токой жана айылдык питомниктерди колдоо аркылуу кургакчыл жерлерди жашылдандыруу, «Фенология жана Климат» питомниктерге кам көрүү» боюнча семинарга катышышты.
Семинарды CAMP Алатоо коомдук фондунун эксперттери Дина Малдыбаева, Билимбек Ажыбеков жана агроном Нурлан Албанов алып барышты.

Феналогия жана климат, колдонмосунун презентациясы.
Бишкек шаарында болуп өткөн «CAMP Ала-Тоо коомдук фонду» семинардын максаты, мыкты технологияларды колдонуу аркылуу Кыргызстандагы жерлерди деградациядан сактап калуу. Аба ырайы жана килиматтын өзгөрүшү жөнүндө толук маалымат алдык. Питомник жана ага кам көрүү. Питомниктин жана анын календарный планын жана технологиялык картасын түзүүнү презентация көп маалымат берилди.
Суу тууралуү «Сууну тажрыйбалар аркылуу изилдеп үйрөнүү» колдонмосу тууралуу суу тармагындагы эксперт Дина Малдыбаева керектүү маалыматтарды берди.

Суу тууралуү «Сууну тажрыйбалар аркылуу изилдеп үйрөнүү» колдонмосу тууралуу суу тармагындагы эксперт Дина Малдыбаева айтууда
Мөмө-жемиш бактарынын оорууларын жана зыянкечтери, бактериалдык күйүк, өсүмдүктөрдү коргоо чаралары боюнча дагы жеткиликтүү маалымат берилди.

Мөмө-жемиш бактарынын оорууларын жана зыянкечтери, Бактериалдык куйук, өсүмдүктөрдү коргоо чараларын Нурлан Албанов айтты.
Семинарда практика жүзүндө “Сууларда жашаган суу организимдер жана суунун ичиндеги курт-кумурскалар” тууралуу Билимбек Ажыбеков катышуучуларды атайын алып барып көргөздү.

Өсүмдүктөргө кам көрүү жана кесүү мөмө-жемиш бактарды бутап кыйыштыруу ыкмаларын практика жүзүндө үйрөнүштү.
Мөмө-жемиш бактарынын оорууларын жана зыянкечтери, Бактериалдык куйук, өсүмдүктөрдү коргоо чараларын Нурлан Албанов айтты.
Нурлан Албанов өзүнүн кесиптик ыкмасы менен практикалык түрүндө көргөзүп төмөнкүлөргө токтолду:

бак
“Ал эми кийинки 2 жылда бутактарын биринчи бөлүгү өсүп чыгат. Ушул кезде көчөттү бир формада осуусун камсыздашыбыз керек. Алгач жерден жогору жакты көздөй узундугун ченеп белгиленген бийиктиктен төмөнкү бөлүгүндөгү бутактарды кыркабыз.
1. Бийик өсүүчүлөрдүн 60 сантиметрден ылдыйкылары буталат.
2. Орто бийиктиктегилердин 40 сантиметрден ылдыйкылары буталат
3. Жапыз бойлуулардын(карлик) 40 сантиметрден ылдыйкылары буталат.
Карлик көчөттөрдүн бою эки метрден ашпайт. Булардыкы 3-3,5 метрге чейин өсөт. Карлик тибиндеги мөмө бактары түрдүү климатка туруктуу келет, сууну башка бактарга караганда аз талап кылат. Агрономдун айтуусунда бактардын бутактарын эки капталындагы бутактарын тийбей өйдө жака жана тик ылдый өскөндөрүн түбүнөн кесиш керек жана ошондой эле эки ачакей болуп өскөндөрүнүн калынын кесип ичкесин калтырат себеби алар бактагы азыктарды алат, бирок мөмө байлабайт. Бутактар бири-бирине тоскоол болбош учун карама-каршы өскөн бутактарды кесип таштоо керек. Бутактын капталдап өскөн бүрлорүн кесебиз, анткени бутак боюна кетпей капталдаган бутактагы бүчүрлөрдүн мөмөсү түшүмдүү болот”.
Семинардын катышуучусу Абдихофиз Бердигулов;

“Мөмө – жемиш дарактары мол тушум бериши учун буташ керек болот. Мол түшүм берүү үчүн, бак- даракты көчөт кезинен бутоону колго алуу зарыл. Февралды аяктап, марттын башында бактардын ашыкча бутактары кесилип, бутала турган учур. Жаңы тигилген бир жылдык көчөттү көп деле бутагы болбосун билдим”.
Семинардын жыйынтыктоо учурунда бардык катышуучуларга «СAMP Алатоо Коомдук Фонду» тарабынан сертификаттар берилди.

№43 Кесиптик лицейдин биология сабагынын мугалими Сүйүн Дүйшөмбиева

«Менин кесибим « Айыл чарба өндүр үшүнүн устаты(фермер) болгондуктан мөмө жемиштерди кыйыштыруу жана учурунда бутоону үйрөндүм. Кыргызстан айыл чарба менен өнүгүүчү өлкө болгондуктан, болочокто бул кесип менен каражат табаарыма ишендим»,-дейт катышуучу.
Турсун Омуралиева