Сокулук районуна караштуу Жаңы-Жер айылында 9-май Улуу Жеңиш күнү белгиленди. Бул иш-чара Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн администрациясы тарабынан уюштурулуп, Дүйшөнкул Шопоков атындагы жеңиш паркында болуп өттү.

Бүгүнкү иш чара Д.Шопоков атындагы жеңиш паркында өткөрүлдү
Иш- чара бир мүнөттүк эскерүү менен башталып, Кыргызстандын гимни ырдалды жана Айыл өкмөт башчысы Мирлан Жекшеновдун ачылыш сөздөрүн сүйлөө менен уланды. Андан соң Жаңы-Жер орто мектеп комплексинин атайын даярдалган концерттик программасы менен майрамдын көркү ачылды.

Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн администрациясы
Борбордук Кирова көчөсүндө Улуу Жеңиштин майрамына карата айыл өкмөттүн админисрациясы, айылдык кеңештин депутаттары, мектеп окуучулары жана айыл жаштары өзгөчө формаларды кийип салтанаттуу жүрүштөн өттү. Андан соң согушта курман болгондордун урматына арнап эстеликке гүл чамбарлар коюлду.

Жаңы-Жер айыл өкмөт администрациясы баш болуп эстеликке гүл чамбарларды койушту
Жаңы-Жер орто мектеп комплексинин окуу-тарбия иштери бөлүмүнүн башчысы Орунгүл Абдырасулова:

Жаңы-Жер орто мектеп комплексинин окуу-тарбия бөлүмүнүн башчысы Орунгүл Абдырасулова
Бүгүн биз айылда Улуу Жеңиш күнүн белгилөөдөбүз. 1941-1945-жылдар аралыгы эң оор, эң кайгылуу, эң көп жоготууга алып келген учур болгон жылдарды эч ким эч качан унутпайт. Бул согушта совет эли 27 миллион адамынан ажыраган.

Кыргызстанда дагы Улуу Жеңиш майрамы бүгүнкү күнгө чейин белгиленип келет. Улуу Ата Мекендик согушка 365 миң кыргызстандык катышкан, алардын 115 миңи фронттон кайтпай калган. Ушул күндү мен сабакта окуучуларга өзгөчө айтып беремин. Себеби мен тарых сабагынан беремин. Биз келечектеги жаштарды патриоттуулукка, мекенди, элди, жерди сүйүүгө тарбиялап келебиз. Бул иш-чара алардын мекенге болгон патриоттук сезимдерин ойгото алат деп ишенем.
Жаңы-Жер айылынын тургуну Кубанычбек Джабаров:

Бүгүнкү иш- чаранын өткөрүлгөнүнө мен ыраазымын. Бул согушта курман болгон ата-бабаларыбызды эскерүү кийинки муундар үчүн чоң милдет. Алар элин, жерин коргош үчүн согушушту. Биз аларды эч качан унутпайбыз. Бизге жеӊиш алып келген, жаркын келечек тартуулаган ардагерлерибизди сыйлашыбыз, урматташыбыз керек. Тилекке каршы биздин айылда согуштун ардагерлери калбай калышты. Биз азыркы жаш муундарга Ата-Мекенибизди, үй-бүлөбүздү, намысыбызды, жерибизди коргогонго дайыма даяр болууга үйрөтүп, тарбиялоо зарыл.
Сүлүктү шаардык кеңешинин төрагасынын Улуу Жеңиш күнүнө куттуктоосу
Бегимай Кубанычбек кызы, Турсун Омуралиева