“Жаңы-Жер” жамааттык мультимедиа борбору

“Жаңы-Жер” жамааттык мультимедиа борбору

Жаңы-Жер: Бала бакчада “9-май Жеңиш күнү” өткөрүлдү

9 Май 2021 жыл 18:42
Көрүүлөрдүн саны: 175

Сокулук районундагы Жаңы-Жер айылында жайгашкан “Мектепке чейинки билим берүү уюму мекемеси” болгон “Алтын Уя” бала бакчасы 9-Май Улуу Жеңиш күнүнө карата иш чара өткөрдү.

Жаңы-Жер айылындагы «Алтын-Уя» бала бакчасы

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин урматына арналган иш чаралар бала бакчадан башталып келет. Бүгүнкү күндө өтө курч турган көйгөй; патриоттук билим берүү жаш муундун арасында сезимдерди ойготуу.

Жеңиш Кунунө арналган иш чара учурунда

Балдардын тынчтык жана эркиндикте бактылуу жашоосу үчүн алардын ата-бабалары өз өмүрүн курман кылышкан күн. Мекендин тынчтыгы үчүн курман болгон эр азаматтарга урмат көрсөтүү, ата-бабаларыбыздын эрдиктерин эске салуу, балдарды патриоттук сезимге ойготуу, сыймыктуу өмүр салтына тарбиялоо,адамгерчиликтин баалуулугун сездирүү үчүн бул күндү сөзсүз белгилөө керек.

Бала бакчада тамактануу учуру

“Алтын Уя” бала бакчасынын тарбиячысы Гүлнара Мурзаева:

«Алтын-Уя » бала бакчасынын тарбиячысы Гүлнара Мурзаева

“Жаңы-Жердеги “Алтын Уя” бала бакчасында 2018-жылдан бери иштеп келе жатат. Мен болсо бала бакча ачылгандан бери иштеп келемин. Жалпы 10 кызматкер эмгектенет. Бала бакчада 3 тайпага бөлүнгөн балдар тарбияланат. Наристе тобу, орто курактагы балдар тобу, Улуу курактагы балдар тобу. Учурда 100 бала тарбияланууда. Пандемиядан улам санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо менен убарабыз. Албетте ата-энелердин да көмөгү бар. Ата-энелердин жардамы менен санитардык гигиеналык каражаттардан кыйналган жокпуз. Эртең менен балдарды медайым дене-табын текшерип медициналык кароодон өткөрүп бакчага кабыл алат. Эгер бала ооруп келген болсо киргизе албайбыз. Ар бир баланын ден-соолугу үчүн кам көрүлөт.


Ал эми майрамдын негизги милдети — бул чынында бала тарбиялоо. Балдар менен бул майрамга даярдануу түйшүктүү болсо да, бирок ал ошого татыктуу майрам. Бала бакчада жеңиш күнүн өткөрүү алардын патриоттук сезимин ойготуу үчүн болгон аракет. Ар бир ата-эне балдарын майрам даярдоого катышуу керек экенин маанилүү деп эсептешсе. Эгер биз балдарга эмитен жакшы тарбия берсек, келечекте жакшы инсан чыгат. Анткени балдардын жан дүйнөсү таза болот. Чөйрөдөн эмнени укса же көрсө ошону сиңирип алат. Мисалы, балдар үчүн «Тынчтык», “9-май Жеңиш күнү” «СССР солдаттары», «Ата» деген темада сүрөт тартуу жана 9-май чыгармаларынын көргөзмөсүн өткөрүү зарыл. Бул майрамды орто, жогорку жана даярдоо жаш курактык топтор арасында жыл сайын өткөрөбүз.”

Кандуу согуштун каарын көрүп калдым деп эскерген айылдын тургуну Туру ата:

«Алтын-Уя» бала бакчасынын тарбиялануучусу Камила Сагынбекова Туру атанын чөбөрөсү болот.

“Мен бул кандуу согуш, өлүм, азап-кайгы жана жоготуу учурду эскерип небереме айтып бергим келбейт. Мен бала кезде каргашалуу согуштун каарын корүп чоңойдум. Согуштун кандай сүрдүү, коркунучтуу экенин азыр айтуу жана бул тууралуу сүйлөшүү мектепке чейинки курактагы балдар үчүн зарыл эмес. Назик өсүп келе жаткан кичинекей кыз небереме ал күндөрдү айта албайм. Чөбөрөм Камила  азыр бул күндү кызыктуу майрам катары түшүнөт. Акылы өсүп чоңойгондо өзү эле билип алат.”

 

Ар бир педагог же тарбиячы бул күндү эстен чыгарбаш керек. Мекенине, эл-жерине, жакындарына болгон сүйүү жана боорукердик сыяктуу ар бир баланын адамдык сапаттарын калыптандырууга өбөлгө түзүүчү күн.

 

Турсун Омуралиева