Жаңы-Жер айылындагы №43 Кесиптик лицейде Жусуп Абдрахмановдун 120-жылдык мааракесине арналган иш-чара болду. Иш-чарага лицейдин жалпы окуучулары катышты. Анын өмүр жолу, коомдогу ээлеген орду тууралуу студенттерге кеңири маалымат берилип, мугалимдер тарабынан даярдалган презентациялар көргөзүлдү.

Жусуп Абдырахманов. (Сүрөт интернеттен алынды)
Иш-чараны уюштурган Кесиптик лицейдин окуу тарбия бөлүмү боюнча директордун орун басары Асира Назарматова болду. Ал иш-чаранын ачылышында айткан сөзүндө Жусуп Абдырахмановдун өмүрү таржымалы, ишмердүүлүгү жөнүндө кеңири токтолду:
«Кыргыз мамлекеттүүлүгүн совет доорунда түптөөгө, Автономиялык облустан Союздук республикага айлануусуна өзгөчө салым кошкон чыныгы лидер Жусуп Абдырахманов 26 жашында өкмөттү жетелеп, аскер шлемун башына кийип, эл аралап, элдин мүдөөсүн угуп, аткарган өзгөчө таза жетекчи болгон» -деп сөзүн улады.

Жусуп Абдырахмановдун 120-жылдыгына карата иш-чара №43 кесиптик лицейдин залында өттү
Иш-чаранын жыйынтыгында студенттерге Жусуп Абдырахмановду ким деп тааныйбыз? деген суроо берилгенде төмөнкүчө кыска жоопторду беришти:

Жусуп Абдырахманов жөнүндө мугалимдер тарабынан даярдалган презентация көрсөтүлүп, жыйынтыгында суроо -жооп талкуу болду.
1.Коомдук-саясий ишмер болгон.
4.Кыргыз элинин лидери, алгачкы комсомол болгон.
2.Мамлекеттин түптөлүшүнө салым кошкон.
2.Кыргыздан чыккан биринчи дипломат.
3.Кыргыз өлкөсүндөгү биринчи Өкмөт башчысы.
3.Борбордук бийликке баш ийбеген саясатчы.
4.В.И.Ленин менен жолуккан кыргыз.
4.Кыргызды жана казактарды ачарчылыктан сактаган.
5.И.В.Сталинге кат жазып сындап турган.
Жусуп Абдырахманов жөнүндө мугалимдер тарабынан даярдалган презентация көрсөтүлгөндөн кийин, мугалимдер жана студенттер арасында талкуу болду. Иш-чаранын жыйынтыгында студенттер өздөрүнүн ой-пикирин ортого салышты;
Айдай Жаныбекова:
«Кыргыз мамлекети, эли үчүн башын сайган коомдук ишмерлер Жусуп Абдырахманов атабыз жөнүндө мен бүгүн биринчи жолу толук маалымат алдым. Буюрса күндөлүгүн талдап окуп чыкканга аракеттенемин. Бүгүн абдан жакшы иш-чара болду, мурун биз билбеген маалыматтарды алдык.
Жусуп Атабыз болбосо бугунку Кыргызстан болмок эмес экен, эми ошол кишинин баскан жолун улаган кыргыз жигиттери көбөйсө».
Кеңешов Рамиль:
«Жусуп Абдрахмановдун Кыргызстан үчүн кылган эмгектерин патриоттук тарыхын окуп, ар бир кыргыз уулу үлгү алсак. Тилеке каршы Жусуп атабыздай кайраттуу жигиттер жок. Азыр жеке өзүнүн кызыкчылыгына карап жеп ичип камалгандар Жүсүп атабыздай болуп камалып өлгөн бир дагы чиновник жок. Эмнеге?»
Мирзамахмудова Гүлзада;
«Жусуп Абдырахманов аз убакыттын ичинде эмне деген эмгекти кылган эли үчүн. Бүгүнкү учурда Кыргызстандын тагдырына кайра жаралса гана. Ал адам болбосо биздин жашоо кандай болмок. Учурда өлкө ушундай адамдарга зар.»
Турсун Омуралиева