“Жаңы-Жер” жамааттык мультимедиа борбору

“Жаңы-Жер” жамааттык мультимедиа борбору

Бариза апа: Спорттук оюндар жаштар ынтымагын бекемдейт

29 Июнь 2021 жыл 17:14
Көрүүлөрдүн саны: 217

Сокулук районундагы Жаңы-Жер айылында өлкөнүн жети дубанынан көчүп келип отурукташкан эл жашайт. Айыл элинин ынтымагын бекемдөө максатында айыл активисттери дайыма майрамдык иш- чараларда ыр кесе же болбосо жаштар арасында ар түрдүү спорттук оюн- зоокторду уюштуруп турушат. Мына бүгүн ошондой иш- чаралардын бири болгон футбол оюну Нарындыктардын уюштуруусунда.

Жаңы-Жер айылынын футбол аянтчасы

Бүгүнкү иш- чараны Нарындын жаштары уюштуруп, улуу муундагы адамдар колдоп турушту. Ал эми балдардын мелдештик оюнуна кайдыгер карабайбыз деген апалар дагы болбой койгон жок. Алардын бүгүнкү футбол оюнуна кошкон салымы абдан чоң болду. Жалаң аялдар командасын чогултуп, өз каражаттарынан кыргыздын сый тамагы болгон Нарын бешбармагын жасашты.

«Бариза апа Нарын ынтымагын уюштурууда чон салымын кошуп жүрөт. Бүгүнкү сый тамакты уюштурууга дагы апабыздын демилгеси болду» дешет Нарын жаштары.

Бариза апа:
«Айылыбызда жаштар ынтымагын бекемдеген спорттук оюндар өтүп турганы бизди кубандырат. Балдарыбыз жаман жолго түшпөй спортко кызыкса кандай жакшы. Бул ар бир ата-эненин изги тилеги эмеспи. Мына бүгүн атайын 150 адамга Нарын чучугун жасап, бешбармак даярдадык. Келиндер камырды колго жууруп, колго кесишти. Илгери Нарында апаларыбыз ушинтип эле камырды колго кесүүчү».

Нарындык келиндер «Бешбармак» даярдоо учурунда

 

Талант Султанбаев; «Биздин айылда кыз-келиндер дагы спорттук оюндарды уюштуруусуна колдоо көрсөтүү керек. Үй-бүлөодө атасы жана апасы спорттук оюндарга катышса өсүп келе жаткан келечек муундардын дагы спортко кызыгуусу артат»

Талант Султанбаев: «Бүгүнкү оюнда Нарындыктар уюштурдук. Буга чейин Жерге-Талдык кыргыздар уюштуруп, плов басып тамак ашы менен сыйлап кезекти бизге өткөрүп беришкен. Биздин жаштар дагы демилге көтөрүп оюнду мыкты деңгээлде уюштурууга аракеттендик. Нарындык апалар, жеңелер бизди колдоп улуттук тамагыбыз бешбармак жасап келишти. Оюн аяктагандан кийин байгелерди тапшырып болгон соң 150 адамга дасторкон жайдык. Баардыгыбыз жалпы тамактангандын дагы өзгөчө жакшы жагы бар экен. Себеби дасторкон үстүндө жаштар аксакалдардын кеп кеңешин угуп, жаштардын ар кандай ой пикирлери ортого салынып көп маселелер талкууланды. Эмки кезекти Кара-Кулжалыктарга өткөрүп бердик.

Дегеле мындан ары кыз келиндер арасында дагы волейбол баскетбол же теннис сыяктуу оюндарды уюштурсак деген оюбуз бар. Анткени, спорттук оюндарга кызыккан женелер дагы бар экен. Бүгүн жеңелер дагы волейбол оюнун баштайбыз деген пикирин ортого салышты. Кыз-келиндер арасында спорттук оюндар уюштурулса биз дагы колдоп турат элек».

Оюндун жыйынтыгында аксакалдар тобунан түзүлгөн калыстар байгелерди тапшырды

Күндүзү түштөн кийинки убакта башталган футбол оюну бир канча командалар арасында ойнолуп кеч аяктады. Аксакалдар жаштарга каалоо тилектерин айтышып майрамдык маанай менен оюн аяктады.

 

Турсун Омуралиева