“Жаңы-Жер” жамааттык мультимедиа борбору

“Жаңы-Жер” жамааттык мультимедиа борбору

Муратбек Абдыралиев: Айыл маданиятынын өнүктүрүүдө жаштарга ишеним артабыз

15 Август 2021 жыл 23:17
Көрүүлөрдүн саны: 182

Айыл маданияты — көп варианттуу, социалдык көрүнүш. Ар бир элдин өзүнүн жекече ага таандык маданияты бар. Айыл маданиятынын өнүгүүсү улам жаңы муунга мурас болуп келет. Мурас улантуучулук – атадан –балага, муундан- муунга, бир элден экинчи элге өтүп туруучу руханий процесс. Бүгүн Жаңы-Жер жамааттык медиа борборунун жаш кабарчылары COVID-19 илдети жайылганы айыл жеринде жашоо артыкчылыктары жана айыл маданияты жөнүндө айыл тургундарынын ой-пикирин билдирет.

Жаңы-Жер айылдык маданият үйүнүн жетекчиси Муратбек Абдыралиевге суроо узатканда төмөнкүчө жооп алдык:

Жаңы-Жер айылдык маданият үйүнүн жетекчиси- Мурат Абдыралиев

Учурда айыл маданиятынын өнүгүүсүнө эл кандай баа берүүдө? COVID-19 илдети жайылганы айыл тургундары үчүн маданий иш-чаралар өткөрүлүшүнө тоскоолдук жаралган жокпу?
“Бүгүнкү күндө биз коомдогу терс көрүнүштөрдү айтууга ооп кеттик, эски муундар алардан чыгуунун жолдорун көрсөтө албай жатабыз. Коомубузда көпчүлүк жаштарды билимсиз, маданиятсыз деген түшүнүк басымдуулук кылат. Бирок ар күнүн жаштар менен өткөргөн, алар менен жакындан мамиле кылган адам катары айтар элем, бүгүнкү жаштар андай эмес, өзгөчө ыйманга ооп, адамдык мамиле, улутту сүйүү, улуттук маданиятка астейдил мамиле кылган, улуттун көрөңгөсүн көтөрө турган, сергек жана дилгир жаштар дагы өсүп келатат. Балким, советтер союзунда тарбияланган бизден айырмаланып, эл аралык тилдерде сүйлөгөн, бири-бири менен мамиледе улуттук нарк-насилди алып жүргөн, улуттук маданиятты сүйгөн жаштардын тобу бар экени кубандырат. Мен аларды мамлекетибиздин өнүгүүсүнө чоң өбөлгө түзө турган жаңы муун деп айта алам. Айыл маданияты өнүктүрүүчү жаштар биздин айылда көп. Айыл маданиятынын өнүгүүсү улам жаңы муунга мурас болуп келет. Маданият боюнча биздин улуттун маданий көрөңгөсүн алып жүрүүгө аракет кылган айылдагы жаштарды колдоо, таланттарды колдоо маселелерин биз ойлонушубуз керек.

«Биз эски муундун адамдары айыл маданиятын ар тармактан өнүктүрүү үчүн жаштарга ишеним артабыз»

Алдыда келе жаткан майрам бар. Мына эгемендүү Кыргызстаныбызга 30 жыл толду. Ушул 30 жыл ичинде чыйралдык, кыйналдык эми өнүгүүнүн туруктуу жолуна түшөбүз деген ишеним бар. Эгемендүүлүктүн 30 жылы бизге эмне берди? Кандай кемчиликтер, кандай алгылыктуу иштер же жетишкендиктер болду? Эми мындан ары кантип өнүгүүгө жол алабыз? Элди, мамлекетти шыктандыра турган иш-чараларды иштеп чыгып, тарыхый баам салып, электен өткөрүү мезгили келди. Мына бул маселени биз айыл маданиятын өнүктүрүүдөн башташыбыз керек.”

Андан кийинки маектешүүбүз Жаңы-Жер айылынын тургуну Динара Абакова менен болду.
Айыл тургуну катары COVID-19 илдети жайылганы айыл жеринде жашоонун артыкчылыктарына кандай баа бере алдыңыз?

Динара Абакова жолдошу Жүрсүнбек Давлетов менен жаратылыш койнунда эс алууда

“COVID-19 илдети жайылганы айыл жеринде жашоонун артыкчылыктарын байкадым. Учурда элеттик шартта жашоо анын артыкчылыктары барган сайын популярдуу болуп баратат. Шаар тургундары дем алыш күндөрү жаратылышка маани берип тоого, таза абалуу жайлоого баруусу көбөйүүдө. Шаар тургундарына салыштырмалуу айылдагы адамдар жаратылыш менен көбүрөөк байланышта болушат. Айылда адамдардын жеке мамилелердин көп болушу, ошондой эле алардан ыракат алуу үчүн туугандар, достор менен баарлашууга көбүрөөк убакыт бөлүү.
Мисалы, айыл жеринде жашоонун артыкчылыктары өзгөчө COVID-19 илдети жайылып өлкө боюнча карантин болгондо билинди. Мага окшоп жайбаракат жашоо мүнөзүнө умтулган адамдар арасында шаар турмушун таштап кеткендер болду. Алар карантин убагында шаарда камалып жалгыздык, жана эркиндикке чектөө алып келген стресстен кутулгусу келишти. Айыл жеринде жашоонун психологиялык артыкчылыктары дагы бар.

Айыл жеринде жашоо тынчтыкта жана бейкуттукта өтөт

Айыл жергесинде жашоо тынчтыкта жана бейпилдикте өтөт. Жаратылыш менен болгон байланыш башка эмоционалдык маселелерден тышкары обочолонуу жана каалабаган жалгыздык сезимдеринен алыс болууга жардам берет. Сиз башка адамдар менен жакыныраак байланышуунун артыкчылыктарын гана эмес, жаратылыштын жана каалаган учурда ачык асман алдында болуу мүмкүнчүлүгүн аласыз.

Улгайган адамдар үчүн андан да маанилүүсү — шериктештик жана алардын коомдун жаш мүчөлөрүнөн ала турган жардамы. Айыл жеринде улгайган адамдар бири- бири менен баарлашууга өтө ыңгайлуу. Баарлашуу бул улгайган адамдар үчүн кошумча жеңилдик. Ошондой эле, айыл аймактары жаш балдарга эркин чуркап, ачык асман алдында ойноого көбүрөөк эркиндик берет.

Айыл азыктары эч кандай кошулмасыз экологиялык жактан таза нукура даамдуулугу менен айырмаланат

Айылда тамактануу адаттары дагы ден-соолукка пайдалуу, Себеби бакчанын же жакынкы чарбалардын жаңы түшүмдөрү жана мезгилдүү мөмө-жемиштердин болушу менен. Кыскасы, ар кандай курактагы адамдар үчүн айыл шартында жашоонун көптөгөн артыкчылыктары бар.”

 

Турсун Омуралиева