Бишкек- “Манас” аэропортун карай кеткен жолдо автоунааларга жарыш кылган жаштардын кесепетинен айылда адам өмүрүн алган жол кырсыктары катталууда. 19-сентябрь кечинде түнкү саат 20-30 чамасында Манас аэропортуна карай кеткен жолдо окуяга күбө болгон жаран Жаңы-Жер жамааттык медиа борборунуна WhatsApp номери аркылуу кабарлады. Айыл тургундарынын айтуусу боюнча жолдо мотоцикиль айдоочулары жарыш жүргүзүшкөн. Катуу ылдамдыкта бара жаткан мотоцикилчендердин бирөөсү жөө бараткан 54 жаштагы аял кишини койуп кеткен.

Учкун-1, Учкун-2 жана Кут айылдарынын тургундары
Кырсыкта каза болгон аял киши Кут айылынын убактылуу жашоочусу болгон. Бул окуядан улам Учкун-1 Учкун-2 жана Кут айылдарынын тургундары Бишкек-“Манас” аэропортуна кеткен жолду бөгөп автоунааларды өткөрбөй жатышат. Алардын талабы боюнча; “Бийлик өкүлдөрүнөн келип “Учкун-1, Учкун-2 жана Кут айылынын жашоочуларынын коопсуздугун карап маселени чечип беришсин. Унаа кырсыктарынан жапжаш өмүрлөр кыйылып жатканы тууралуу нааразычылыктарын айтууда.

Мотоцикилдин айдоочусу катуу ылдамдыкта бара жаткан
Жол кырсыгынын негизги себеби катары жогорку ылдамдык, жаштардын түнкүсүн автоунааларды жарыштыруусу, айдоочулардын эрежени так сактабагандыгында дешет айыл тургундары. Жол кырсыктары соңку он жылдан бери бул аймакта негизги көйгөйгө айланды. Учурда Сокулук районунун патрулдук милиция кызматкерлери жол кырсыгы орун алган аймакта абалды көзөмөлдөп турушат. Бирок эл аларга баш ийбей көйгөйдү чечүүсүн талап кылышууда.

Айыл тургундары Бишкек-«Манас» аэропорт жолун бөгөп алышкан

Кырсык болгон жер
Алардын айтуусу боюнча;“Бул жолдо дайыма жаштар жеңил унаалар жана мотоцикльдерге жарыш кылышат. Айыл элине түнкүсүн уйку беришпейт . Тосуп койгон дубалдын артындагы үч айылдын жашоочулары жумуштан, окуудан үйүн көздөй келе жатканда жол кырсыгына кабылып калуудан коркобуз. Айылда бир айдын ичинде үчүнчү адам жол кырсыгынан каза болду. Мыйзам чегинде чара көрүшсүн. Видеокөзөмөлдөр иштесин, кээде түнкү чырактар күйбөй калат. Азыр мектепке балдарыбыз ушул жолго чыгат, алардын коопсуздугун ким карайт.
Бул көйгөй көп жылдан бери чечилбей келет. Азыр жогору жактагы бийлик өкүлдөрүнөн келип чечип беришсин. Болбосо жолду ачпайбыз!” -дешип 200гө жакын айыл тургундары жолдогу унааларды өткөрбөй жатышты. Бирок жол тосуунун кесепетинен жабыр тартпасын дешип, аэропортко бара жаткан учакка билети бар жүргүнчүлөрдү, жаш балалууларды жана кары картаңдарды өткөрүшүүдө. Жол тосуу 3 саатка чейин тосулуп унаа тыгыны айдоочуларга бир топ кыйынчылыктарды жаратты. Жыйынтыгында Сокулук районунун акими келип жол тоскон эл менен жолугушуп, алардын көйгөйүн чечип берүүгө убадасын берди.