“Жаңы-Жер” жамааттык мультимедиа борбору

“Жаңы-Жер” жамааттык мультимедиа борбору

Балдардын мектепте сапаттуу тамактануусу үчүн шарттар түзүлдү

6 Декабрь 2021 жыл 16:36
Көрүүлөрдүн саны: 192

Сокулук районундагы Жаңы-Жер айыл аймагынын Восточный айылында (20-хутор) Жаңы-Жер №2 толук эмес орто мектеби Мерсико уюму тарабынан ишке  ашырылып жаткан Макговерн-Доулдун «Билим үчүн азык жана балдардын тамактануусу» долбооруна катышып, жыйынтыгында мектеп ашканасын жабдыктар менен камсыздашты.

Учурда мектеп ар түрдүү багыттагы долбоорлор менен иштешет. 2020-жылдан бери иштешип келе жаткан Мерсико Суу боюнча Глобалдык Демилге каржылаган «Мектепте колду жуу шарттарын жана санитарияны жакшыртуу» долбоору жана  USAID «Окуу керемет» долбоорлору  менен биргеликте иш алып барууда.

Бакита Боргемикова бул долбоор мектепке чоң жардам болгонун айтты:

«Мен бул мектепте ашпозчулук кесипти аркалаймын. Көп жылдан бери башталгыч класстардын тамагын даярдаймын. Жалпы 174 окуучу тамактанат. Мурда ашкана жабдыктары жетишсиз, жокко эсе болуучу.  2020-жылы Мерсико уюмунун «Билим үчүн азык жана балдардын тамактануусу» долбоорунун жардамы менен келген ашкана жабдыктары окуучулардын тамагын даярдап берүүдө аябай чоң жардам болду.

Ал долбоордун аркасы менен:

Тамак жасоочу 35000 сомдук электр плитасы

Нан жасоочу  60000 сомдук  печка

Камыр жууручу 86000 сомдук машинка

Муздаткыч 32000 сомдук

Идиш жуучу ванналар 24000 сомдук ж.б. жалпысынан алганда 304 000 сомдук жабдыктар менен камсыздап берди.»

Мерсико долбоорунун жардамы менен келген ашкана жабдыктары.

Андан тышкары, айыл өкмөттүн бюджетинен акча каралып ашкананын ичи толугу менен  ремонттолгон. Мерсико тарабынан 2020-жылдан ушул күнгө чейин май, буурчак, ун сыяктуу азыктар келип турат. Бул долбоордун башталышында ашпозчулардын кесибин өнүктүрүү үчүн Шопоков шаарчасындагы №106 кесиптик лицейдин базасында окутуулар жүргүзүлгөн.

Жабдыктарды орнотууда Мерсико уюму өз милдетине алган. Ал эми идиш аяктарды ата-энелер өз ыктыяры менен балдары үчүн сатып беришкен.

 

Окуучуларга санитардык- гигиеналык шарт түзүлгөнүнө эне-аталар да кубанууда

 

Турсун Омуралиева