Сокулук районундагы Жаңы-Жер айыл аймагында Восточный (20-хутор) айылында Жаңы-Жер толук эмес №2 орто мектеби бар. Бул мектептин өзгөчөлүгү 371-окуучунун 95% тин кавказ улутундагы окуучулар түзөт. Мектепте окуучулардын дээрлик көпчүлүгү даргин, авар, акушан, кумык, казак, тажик улуту жана тажикистандан келген этникалык кыргыздар окушат.

«Восточный» айылындагы 9-жылдык мектеп
Мектептин окуучулары кыргыз тилинде эркин сүйлөй алышпаса дагы түшүнүп, үйрөнүүгө кызыгышат. 7-класстын окуучусу Магомед Ризванов менен баарлашканда:

Магомед Ризванов; Кыргыз тилин үйрөнүп кыргызча сүйлөгүм келет.
«Кыргыз тилинде жакшы сүйлөгүм келет. Менин мекеним Кыргызстан болгондон кийин кыргызча үйрөнүшүм мен үчүн маанилүү. Менин ата-энем дагы ошону каалайт. Келечекте өз өлкөмө салымымды кошкон адам болсом деймин. Ал үчүн кыргызча адабий китептерди окуп, кыргыз тарыхын билиш керек. Кыргыз тилинен сабак берген мугалимимдин жардамы менен бир аз түшүнөм, бирок сүйлөй албайм. Сабакта да ошол үчүн кыйынчылык жаралат.»

Окуучулар; Улутубуз башка болсо да кыргыз калпагын сыймык менен кийебиз»
Учурда мектептин мүдүрү болуп Кемпирбек Эрмеков эмгектенет. Мектеп директору ата-энелердин сунушун эске алып кыргыз тилин кеңири жайылтууга шарт түзүүдө. Ата-энелердин негизги суроо талабы болгон, кыргыз тилин окуучуларга үйрөтүүгө шыктандыруу үчүн мектеп компонентине кыргыз тили сабагы тандалган.

№2 Жаңы-Жер орто мектебинин мүдүрү Кемпирбек Эрмеков
Мектепте сабак берген мугалимдер жамаатынын пикири боюнча «Окуучулардын ата-энелери кыргыз тилин балдарына үйрөтүүгө өздөрү кызыгдар. Ата-энелердин суроо талабы боюнча кыргыз тили ийримдерин көбөйтүп ачуудабыз. Анткени айылдагы келечек муундарга шарт түзүп берүү биздин милдет»дешти.

Кыргыз тили сабагында окуучулар ата-энелери менен чогуу сабак өтүүдө..
Турсун Омуралиева