“Жаңы-Жер” жамааттык мультимедиа борбору

“Жаңы-Жер” жамааттык мультимедиа борбору

№43 Кесиптик лицейдин директору айыл чарбанын мыктысы аталды

5 Январь 2022 жыл 3:25
Көрүүлөрдүн саны: 142

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги Сокулук районунун Жаңы-Жер айылындагы №43 Кесиптик лицейинин директору Бактыгүл Жусупова  «Айыл чарбасынын отличниги» медалы менен сыйланды.

№43 Кесиптик лицейдин директору Бактыгүл Жусупова «Айыл чарба отличниги» медалы менен сыйланды.

BIO-KG органикалык кыймыл федерациясынын директору Искендербек Айдаралиев «Айыл чарба өндүрүшүнүн устаты» кесибинде окуган окуучулардын жасаган макеттери менен таанышууда.

Кесиптик лицейге жалпы делегация менен келген BIO-KG органикалык кыймыл федерациясынын директору Искендербек Айдаралиев сыйлык тапшыруу учурунда:

«Лицейдин айыл чарба мүмкүнчүлүктөрүн эске алганда анын келечеги кең. Бул №43 кесиптик лицейи келечектеги фермерлерди гана даярдабастан, BIO-KG уюму менен биргеликте окуучуларга органикалык дыйканчылыкты үйрөтүүдө»- деп баса белгиледи.

№43 Кесиптик лицейдин окуучулары, органикалык жер семирткичтерди даярдоо ыкмасын айтып берүүдө.

 

 

Турсун Омуралиева