“Жаңы-Жер” жамааттык мультимедиа борбору

“Жаңы-Жер” жамааттык мультимедиа борбору

Элеттик аялдар күнү Зууракан апанын үйүндө белгиленди

19 Июнь 2022 жыл 23:54
Көрүүлөрдүн саны: 152

Сокулук районунун Белек айылында жайгашкан С.Кайназарованын мемориалдык үй музейинде Кыргызстандын элеттик аялдардын эскерүү күнү белгиленди. Иш чарада райондун активдүү жашоочулары чакырылып, райондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө салым кошкон кадыр барктуу айымдар майрамга карата белектер менен сыйланышты.

«Айым» апалар тобу

Эскерүүгө Ак-Саамай фольклордук ансамблинин жетекчиси А.Кенжеева апабыз түзүп кеткен Жаңы-Жер айылындагы “Айым” апалар тобу Зууракан Кайназарова апабыздын өмүр жолун театрлаштырып аткарышты. Айыл тургуну Кымбат апа Зууракан Кайназрова апабызды даана өзүндөй кылып аткарып, көрүүчүлөрдүн мактоосуна арзып Сары-Өзөн Чүй айымдар коомунун төш белгиси менен сыйланды.

Жаңы-Жер айылынын «Айым » апалар тобу. Ортодо Зууракан Кайназарованын ролун аткарган Кымбат апа

 

Эскерте кетсек: Өткөн жылы Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы аким Айтибаев К.Г. катышуусу менен Зууракан Кайназарова апабызды эскерүү иш чарасы өткөрүлгөн. Эскерүүгө райондун акими К.Айтибаев, орун басары Т.Ракимбаева, маданият үйүнүн башчысы З.Сагыналиева, ошондой эле айыл аксакалдары катышкан.

Турсун Омуралиева