“Жаңы-Жер” жамааттык мультимедиа борбору

“Жаңы-Жер” жамааттык мультимедиа борбору

Мугалим: Биомаданияттын ар түрдүүлүгүн окуучуларга таанытабыз

15 Июль 2022 жыл 17:40
Көрүүлөрдүн саны: 59

Сокулук районунун Жаны-Жер айылында жайгашкан №43 Кесиптик лицейде окуучуларды биологиялык ар түрдүүлүктү баалоого,улуттук баалулуктарды,каада-салтты сактоого окутуп тарбиялоодо.
“Био маданияттын ар түрдүүлүгү”- Аба-ырайынын күтүүсүз өзгөрүлүштөрүнө туруктуу болуп, өсүмдүктөрдү өстүрүүдө, жан жаныбарларды багууда, салттуу билимди пайдаланып жаңыча жашоого көнүгүү жана үйрөнүү.

Кесиптик лицейдин мугалимдери.

Аталган кесиптик лицейдин ишмердүүлүгүнүн негизги фокусу салттуу билимдерди сактоочулардын жана тажрыйбалардын аракеттерин колдоого багытталган, алардын ролу: кам көрүү, тааныштыруу, билимдерди түшүндүрүү, мамиле кылуу, биологиялык түрлөр, искусствонун формалары жана муундан муунга өткөн биомаданий ар түрдүлүк.

Динара Абакова: «Биздин лицейде көбүнчө этнобилимге басым жасап окуучуларды этномурастарыбызды таанытууга аракет кылып окутуудабыз. Каада-салттар биздин элибиздин жашоо турмушунун башаты, тарыхы, тамыры жана өзөгү эмеспи. Ошондуктан  мен «Ашпозчу» кесибинин устаты болгондуктан окуучуларымды улуттук тамак-аштардын жасалышы, ден соолукка пайдасы, сакталышы жана кардарга берилүүгө чейинки иш-чараларды уюштуруу боюнча сабак берип үйрөтүүдөмүн.»

«Ашпозчу» кесибинин окуучусу кадимки кемегеге от жагып, казанга арпа кууруда

«Ашпозчу» кесибинин кыздары казанга калама, каттама жасоодо

Сүт азыктарынан тамак аш жасоо учуру

 

 

Турсун Омуралиева