“Жаңы-Жер” жамааттык мультимедиа борбору

“Жаңы-Жер” жамааттык мультимедиа борбору

Жаңы-Жер:» Чек арачыга бир китеп» акциясы башталды

29 Апрель 2023 жыл 14:40
Көрүүлөрдүн саны: 149

Сокулук районунун Жаңы-Жер айылында жайгашкан 43-кесиптик лицейинин администрациясы ушул эле айыл аймагына караштуу Зелёное айылындагы 19-мекеменин кызматкерлерине жана 10-ротанын жоокерлерине “Чек арачыга бирден китеп” акциясынын уюштуруп, китеп куржунун тапшырышты.Сокулук районунун Жаңы-Жер айыл аймагында жайгашкан кесиптик лицейдин директору Бактыгүл Жусупованын аракети менен 23-апрель Эл аралык китеп күнүнө карата иш чара өткөрүлдү.

Зелёное айылындагы 10-ротанын жоокерлери

Акциянын жүрүшүндө жергиликтүү бийлик, кесиптик лицейдин мугалимдер жамааты китеп алып келишип жоокерлерге тапшырышты.

Иш-чараны уюштурууда кесиптик лицейдин директорунун орун басары Чынара Алиева, лицейдин китепканачысы Айчолпон Омуралиева окуучулар менен концерттик программа даярдашып, жоокерлерге жакшы маанай тартуулашты.

Белгилүү болгондой, бул иш чара өлкө боюнча 24-25-апрель күндөрү “Чек арачыга бирден китеп” акциясы башталган. Бирок
«Эл аралык китеп күнү» жыл сайын 23-апрелде белгиленет.

Турсун Омуралиева