“Жаңы-Жер” жамааттык мультимедиа борбору

“Жаңы-Жер” жамааттык мультимедиа борбору

Сапаттуу кесиптик окутуу жана билим берүү — өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнүн негизи

18 Май 2023 жыл 17:45
Көрүүлөрдүн саны: 122

Сокулук районунун Жаңы-Жер айылындагы N43 Кесиптик лицейинин жамааты Бишкек шаарында өткөрүлгөн «Сапаттуу кесиптик окутуу жана билим берүү өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнүн негизи катары» эл аралык форумуна катышышты.

 

 

 

 

 

 

 

Аталган форумдун максаты Кыргыз Республикасында кесиптик окутууну жана билим берүүнү өнүктүрүүнүн негизги багыттарын сунуштоо жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча негизги өнөктөштөр менен диалогду уюштуруу жөнүндө болду.

Бишкек шаарындагы жана Чүй облусундагы кесиптик лицейлердин арасында  уюштурулган көргөзмөгө Жаңы-Жер айылындагы  Кесиптик лицейдин жамааты «Сапаттуу кесиптик окутуу жана билим берүү – өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнүн негизи” эл аралык форумуна активдүү катышып, лицейдин окуучулары жасаган эмгектери көргөзмөдө көргөзүлдү.

Сүрөттө: N43 Кесиптик лицейдин директору Бактыгүл Жусупова жана Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев

N43 Кесиптик лицейдин директору Бактыгүл Жусупова: «Кесиптик билим берүүнүн сапатын жакшыртуу үчүн бүгүнкү форумдун максаты өтө жакшы жыйынтык берет деп айта аламын. Чындыгында, сапаттуу кесиптик окутуу жана билим берүү — өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнүн негизи эмеспи».

Турсун Омуралиева