“Жаңы-Жер” жамааттык мультимедиа борбору

“Жаңы-Жер” жамааттык мультимедиа борбору

Жаңы-Жерде «Энелер күнү» белгиленди

19 Май 2023 жыл 17:16
Көрүүлөрдүн саны: 79

Сокулук районуна караштуу Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн администрациясы,  айылдагы  баатыр энелерди «Энелер күнү» менен куттукташты.

Жаңы-Жер айыл өкмөтү баатыр энелерге сый тамак берүүдө

Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн администрациясынын уюштуруусунда  баатыр энелерге жана көп балалуу энелерге майрамдык сый тамак уюштурулду. Андан сырткары  ар бир апага арнап бирден чоң жоолук салышты.
Айылдык апаларга арналган иш-чарада, «Айым»  апалар тобу дагы майрамдык маанай тартуулашты. Ал эми  «Айым» апалар тобу менен концерттик программаны уюштурган,  айылдык маданият үйүнүн жетекчиси Мурат Абдыралиев болду.

«Айым » апалар тобу концерттик программасын алып чыгууга даярданууда

Энелер күнүнө арналган иш чара Жаңы-Жер айылындагы маданият үйүндө өткөрүлдү

 

Турсун Омуралиева