“Жаңы-Жер” жамааттык мультимедиа борбору

“Жаңы-Жер” жамааттык мультимедиа борбору

Мээрим Медетова: Кулпунай кирешелүү мөмө

14 Сентябрь 2023 жыл 17:49
Көрүүлөрдүн саны: 93

Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Жаңы-Жер айылындагы №43 кесиптик лицейдин жамааты быйылкы жылы жер тилкелерине кулпунай өстүрүүдө. Эрте күздө отургузулган кулпунайдын альбион жана клери сорттору келерки жылга түшүм алууга даярдык болмокчу.  Ал эми келерки жылы кулпунайдан тапкан кирешени окуу жайдын материалдык техникалык базасын жакшыртууга максат кылышууда.
Бул окуу жай көп жылдан бери айыл чарба өндурүшүнүн устаты кесибине адистерди даярдап келишет. Окуу жайдын айланасында күнөсканалар салынып, кышкысын дагы жер жемиштер өстүрүлөт. Ал эми быйылкы жылы кесиптик лицейдин жамааты кулпунай өстүрүп киреше табууну көздөштү.  Айыл чарба өндүрүшүнүн устаттары Мээрим Медетованын айтуусу боюнча:

«Жерди да туура иштетүүнүн арты менен жакшы киреше тапса болот. Биз быйыл  кесиптик лицейдин директору Бакыт Темиралиевдин демилгеси менен  кулпунай өстүрүп, пайда табуу ыкмасын изилдеп баштадык»

Турсун Омуралиева