Сокулук районунун Жаңы-Жер айылында жайгашкан Б. С. Шаршенбаев атындагы №43 кесиптик лицейде оңдоп түзөө иштери аткарылууда. Быйылкы жылы жазында болгон катуу шамалдын кесепетинен жатакананын, окуу корпусунун шыйпырларын шамал учуруп, сынып калгандыктан жаан чачын учурунда үстүнөн жаан агып калган. Окуучулардын сапаттуу билим алуусуна шарт түзүү үчүн окуу корпусунун, жатакананын чатырлары оңдолду.
Жаңы-Жер айыл аймагында жайгашкан кесиптик лицейде өлкөбүздүн ар тарабынан келген окуучулар окушат. Алар ар түрдүү кесипке үйрөнүшөт. Окуучулардын арасында ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген окуучулар дагы бар. Ал окуучулар үчүн атайын бардык шарттар түзүлгөн.

Сокулук районунун Жаны-Жер айыл аймагында жайгашкан 43 кесиптик лицейи
Быйылкы жазгы катуу шамалдын кесепети чатырларды гана учурбастан, окуучулардын тамак ашын жакшыртууга пайдаланылган жер жемиш өстүрүүчү күнөсканаларды дагы талкалап кеткендигин. Учурда лицейдин жамааты оңдоп түзөө иштерин аткарып жатышкандыгы боюнча, окуу тарбия иштери боюнча директордун орун басары Чынара Алиева айтып берди.

43-кесиптик лицейдин окуу корпусунун чатырын тңдоо иштери
Чынара Алиеванын айтуусу боюнча: Быйылкы жылы шамалдын кесепетинен бир топ чыгымга учурадык. Окуу корпустарын, жатакананын чатырларын шамал сындырып кетти. Окуучулардын тамак ашына пайдаланган жер жемиштерди күнөсканаларда өстүрчү элек. Жазында өстүрүлүп жаткан жер жемиштерибиз менен кошо шамалдан улам талкаланды.

Жашылча жемиш өстүрүүчү парниктин пленкасы айрылып калган учур
Бирок башка жерлерди өздөштүрүп өстүрүп алдык. Анткен менен кышында көк пияз, ашкөк, жусай сыяктуу көк сактарды өстүрүп колдончубуз. Быйыл баардыгын сатып алууга туура келет. Ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген окуучулрдын тамак ашынын сапатын жакшыртуу үчүн аларга витаминдүү жер жемиштерди көбүрөөк бериш керек. Деги жаратылыш кырсыктарынан сактасын демекчимин»

Кесиптик лицейдин чатырларын оңдоп түзөө иштерин лицейдин жамааты өздөрү колго алышты.
Турсун Омуралиева