“Жаңы-Жер” жамааттык мультимедиа борбору

“Жаңы-Жер” жамааттык мультимедиа борбору

Жаңы-Жер айыл аймагы жалпы ишембиликке чыгышты

17 Сентябрь 2023 жыл 0:17
Көрүүлөрдүн саны: 159

Сокулук районунун Жаңы-Жер айыл аймагында жалпы ишембилик өткөрүлдү. Бүгүнкү күнү өлкө боюнча ишембилик өткөрүлдү. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы № 305 “Улуттук тазалык күнү жана 2023–2025-жылдар мезгилинде тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктураны түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө” Жарлыгынын алкагында, райондун аймагында массалык ишембилик уюштурулду.

Бүгүнкү ишембиликке Жаңы-Жер айылындагы кесиптик лицей, мектеп, оорукана, сыяктуу мекеме кызматкерлери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мекеме-ишканалардын жамааттары жана жергиликтүү тургундар чыгышты.

Жаңы-Жер айыл аймагындагы Жаңы-Жер орто мектеп комплексинин мугалимдери окуучулар менен бирге ишембиликте

Кесиптик лицейдин айланасндагы куураган чөптөрдү тазалоо учурунда

Ишембиликтин алкагында, Жаңы-Жер айылы аймактык мекеме ишканалардын айлана чөйрөлөрү,автоунаа жолдордун жээктери таштандылардан арылды.

Турсун Омуралиева