“Жаңы-Жер” жамааттык мультимедиа борбору

“Жаңы-Жер” жамааттык мультимедиа борбору

№43 кесиптик лицейде суу түтүктөрүн оңдоо иштери жүрүүдө

26 Сентябрь 2023 жыл 23:36
Көрүүлөрдүн саны: 81

Сокулук районундагы Жаңы-Жер айылында жайгашкан №43 кесиптик лицейде таза жана саркынды суу түтүктөрүн оңдоо иштери жүрүп жатат. Көп жылдан бери эскилиги жеткен суу түтүктөрү жарактан чыгып, окуу корпусуна жана өндүрүштүк практикалык сабактарды өтүүчү мастерскойлордо суу чыкпай калган. Ал эми саркынды суулар кетүүчү  түтуктөрү толуп  калгандыктан, дааратканалар  иштебей турган. Учурда окуу корпусунда суу түтуктөрүн жаңылоо иштери башталды.

Бул тууралуу кесиптик лицейдин директору Бакыт Темиралиев  кененирек айтып берди: » Учурда окуу жайдын суу түтүктөрү оңдолууда. Бул иштерди аткарууну өзүбүз колго алдык. Себеби күн сууктап кетсе ондоп түзөө иштери кыйын болуп калат. Азырынча күн жылуу кезде казыла турган жерлерди тезирек бүтүрүшүбүз керек. Биздин лицейде ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген окуучулар да окушат. өзгөчө ошол окуучулар үчүн дааратканаларды иштетип, кол жууганга жылуу сууларды чыгарып жакшы шарттарды түзүп берүүбүз зарыл. Аткарыла турган көп иштер бар, бирок эң биринчи ушул ишти бүтүрүүгө шашылуудабыз.

Саркынды суулар кетүүчү суу түтүктөрүнүн эскилиги жетип калган

Таза суу келүүчү суу түтуктөрүн алмаштыруу учуру

Саркынды суулар кетпей калган жерлерди тазалоо иштери

Айта кетсек, Жаңы-Жер айылында жайгашкан  Б.С. Шаршенбаев атындагы №43 кесиптик лицей 1979-жылдары курулган. Учурда лицейде өлкөбүздун жети дубанынан келип окуган окуучулар жыл сайын көбөйүүдө. Окуу жайда окуучуларга 3 маал ысык тамак берилип, баардык шарттары каралган жатакана менен камсыздайт.

Турсун Омуралиева