“Жаңы-Жер” жамааттык мультимедиа борбору

“Жаңы-Жер” жамааттык мультимедиа борбору

№43 кесиптик лицейде «Мамлекеттик тил күнү» белгиленди

26 Сентябрь 2023 жыл 2:35
Көрүүлөрдүн саны: 96

Сокулук  районундагы, Жаңы-Жер айылында жайгашкан Б.С.Шаршенбаев атындагы №43 кесиптик лицейде Мамлекеттик тил күнүнө карата  иш чара өткөрүлдү. Аталган иш чаранын ачылышы  №43 кесиптик лицейдин директору Бакыт Темиралиевдин куттуктоо сөзү менен башталып, келечектеги жаш адистердин чыгармачылыгы менен даярдалган,  кыргыз ыр бийлери жаңырды.

«Мамлекеттик тил күнүнүн 34 жылдыгына карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 1-октябрындагы  № 510 токтомунун негизинде, Кыргыз Республикасында 2021-2025-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү программасы иштелип чыгып, иш план түзүлүп, мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн концепциясы тууралуу иш алып барышууда. №43 кесиптик лицейдин директору Бакыт Темиралиев: «Кыргыз тилибиз — биздин эне тилибиз жана мамлекеттик тилибиз. Биз үчүн улуу жана ыйык тил. Улуу тилде Манас атабыз ураан чакырып, эли-жерин коргоп келген.  Кыргыз Республикасынын эне тили — кыргыз тили. Кыргыз тили — көрөңгөлүү тил. Ал тарыхтын байыркы түпкүрүнөн агып чыгып, нечендеген бөгөттөргө карабай, келечекти көздөй татыктуу жол таап, бүгүнкү күндө Мамлекеттик тилге айланды. Бүгүн  өлкө боюнча “23-сентябрь Мамлекеттик тил” күнүнө карата өзгөчө иш-чаралар өткөрүлүүдө. Анткени, элди түбөлүктүү мамлекет катары тааныткан — анын тили. Кыргыз тилинин тагдыры — кыргыз улутунун тагдыры. Тилди сактасак, улутту сактайбыз», — деген сөздөрү менен жаштарга кайрылды.

№43 Кесиптик лицейдин директору Темиралиев Бакыт Нурдинович  лицейдин окуучулары менен мамлекеттик тил күнүнө арналган иш чарада

№43 кесиптик лицейдеги усулдук кеңешменин жыйынында  19- сентябрдан, 23- сентябрга чейин аткарылуучу 1 жумалык иш пландын мерчемин иштеп чыгып, “ Тил улуттун жан дүйнөсү” — аттуу кароо сынак жарыяланды. Окуучуларды сабаттуулукка үйрөтүү жана кыргыз тилге кызыгуусун арттыруу максатында “Кыргыз тилин катасыз жазабыз” — студенттер арасында жат жазуу.
Студенттердин билимдерин өркүндөтүү жана туура жазууга үйрөтүү үчүн болсо, ал эми “Кыргыз тилинин тарыхы” — деген темада баяндама окушат. Бул иш чараны өткөрүү менен жаш муундар тарыхыбызга көз жүгүртүп, тилибиздин бүгүнкү эртеңкисин ойлошот деген ишеним бар.

Турсун Омуралиева