“Жаңы-Жер” жамааттык мультимедиа борбору

“Жаңы-Жер” жамааттык мультимедиа борбору

Окуучу: Ысырапкорчулукка жол бербөө максатында, чүпөрөктүн кыркындыларынан буюмдарды тигебиз

3 Октябрь 2023 жыл 11:12
Көрүүлөрдүн саны: 68

Сокулук районундагы Жаңы-Жер айылында жайгашкан №43 кесиптик лицейде «Тигүүчү» кесибинде ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген окуучулар окушат. Тигүүчүлук өнөргө кызыккан бул окуучулардын дээрлик көпчүлүгү алыскы региондордон келген балдар. Учурда алар тигүүчү машинкаларда түз тигиштерди тиккенди өздөштүрүп калышты. Өндүрүштүк окутуу сабагында, ысырапкорчулукка жол бербөө максатында, чүпөрөктүн кыркындыларынан окуу кабинеттерине доска сүргүчтөрдү, окуучулар тамактануучу ашканага туткучтарды, отургучтарга төшөктөрдү тигишүүдө.

Турсун Омуралиева