“Жаңы-Жер” жамааттык мультимедиа борбору

“Жаңы-Жер” жамааттык мультимедиа борбору

Тазалык эрежесин сактабаган ашпозчу, кардарлардын ден-соолугуна коркунуч жаратат.

3 Октябрь 2023 жыл 1:52
Көрүүлөрдүн саны: 102

Сокулук районундагы Жаңы-Жер айылында жайгашкан №43 кесиптик лицейде «Ашпозчу-кондитер» кесибинин окуучулары менен өндүрүштүк окутууда кондитер азыктары боюнча ачык сабак өткөрүлдү. Бирок бул сабактын өзгөчөлүгү, келечектеги ашпозчулардын коопсуздук эрежеси жана гигиенасы болду. Бүгүнкү сабакта окуучуларга чыныгы ашпозчу болуудан мурда, гигиена жана тамак-аш коопсуздугун үйрөтүү жөнүндө кеп кылмакчыбыз. 

Жаңы-Жер айылындагы №43 кесиптик лицейдин устаты Динара Абакова; » Ашпозчу болуудан мурда,келечекте боло турган ар бир ашпозчу, мындай эрежелерге олуттуу мамиле жасоо керектининин маанисин түшүү керек.  Тазалык эрежесин сактабаган ашпозчу кардарлардын ден-соолугуна коркунуч жаратат. Тамак-ашты атайын униформа кийип алып жасоо, фартук, атайын бут кийим, баш кийим, гигиеналык кол каптар болуусу шарт. Тамак-аш даярдоого киришүү алдында колду 20 секундтан кем эмес самындап жууп, тырмактар кыска кыркуу керек.

Сүрөттө: (солдон оңго карай) №43 Кесиптик лицейдин «ашпозчу-кондитер» кесибинин устаты Динара Абакова, №43 кесиптик лицейдин директору Бакыт Темиралиев, Крея өлкөсүнөн келген ыктыярчы Унгми Мун жана лицейдин мугалими Эмиль окуучулар жасаган  «Наполеон» торттоун даамдап көрүшүүдө.

Азыктарды жууп-тазалоо, аарчып, тамак бышып жатканда ар бир тамакты даамдап көрүүдө, бир кашык менен бир гана жолу даамдап көргөн жакшы. Бул гигиенадан тышкары ашпозчунун професионалдуулугун көрсөтөт. Ошондуктан ар бир сабак өтүүдө дайыма тыкан идиште салынган таза кашыктар болгон жакшы. Бычактарды таза жана кургак кармоо. Ал эми сактоого алынган азыктардын бардыгын маркировкалоо эрежесин билүү керек. Маркировкада азыктын атын, жана сактоого алынган датасы, сааты жазылат.

Жумушчу столдун үстүн колдонгондон кийин жууп-тазалап, антибактериалдык каражат менен дезинфекциялоо. Ашкананы күн сайын тазалап-жуу иштерин жүргүзүү. Ашкананы дайыма идеалдуу тазалыкта кармоо талап.»

Окуу планынын негизинде «Ашпозчу-кондитер» кесибинн  окутууда, расписание боюнча  жумасына 2 жолу өндүрүштүк окутуу сабагы койулат. Келечектеги жаш ашпозчулар ар бир сабакты кызыгуу менен өтүшүүдө. Окуучуларга өзгөчө топтор менен иштөө, уюштуруу иштери кызыктуу болууда.

 

Турсун Омуралиева