Сокулук районунун Жаңы-Жер айылында жайгашкан №43 кесиптик лицейдин «Айыл чарба өндүрүшүнүн устаты» кесибинде окуган окуучулары өндүрүүштүк окутууда машина-трактордук паркын иштетүү ыкмалары жана айыл чарба техникаларын иштетүү жана аларды оңдоо жумуштарын аткарууда. Бул кесипке үйрөнүү менен келечектеги айыл чарба адистери дыйкандарга механизациялаштырылган кызматтарды өз убагында жана сапаттуу көрсөтө алышат.

Сокулук районунун Жаңы-Жер айылында жайгашкан №43 кесиптик лицейдин директору Бакыт Темиралиев
Биздин өлкөнүн агрардык экенин, өнүгүү жолуна бизди айыл чарбасы алып бараарын баса белгилөө менен №43 Кесиптик лицейдин директору Бакыт Темиралиев төмөнкүчө айта кетти; » Биздин лицейде «Айыл чарба кесибинин устаты» кесибин окутууда практика менен теорияны бирге алып кеткенге жеңил. Заман талабына жараша азыр биздин лицейдин базасында АБР долбоорунун алкагында ТТС Техникалык тейлөө станциясы 2019-жылы курулуп, заманбап жабдуулар менен жабдылган. Учурда окуучулар ошл жерде өндүрүштүк практикадан өтүп жатышат. Келечектеги айыл чарба адистери бул жерден (ТТС) киреше таап, өз кесибин өздөштүрүп, иштеп кетүүгө мүмкүнчүлүктөрү болот, эң негизгиси айлана-чөйрөгө, бизнеске көз караштары жетилип, кадимкидей өзгөргөндөрүн көрүп, эмгегибиз талаага кетпегенине кубанабыз, үмүт улайбыз».
Турсун Омуралиева