“Жаңы-Жер” жамааттык мультимедиа борбору

“Жаңы-Жер” жамааттык мультимедиа борбору

Кесиптик лицей: Спорттук турнир жаштардын ынтымагын бекемдейт

10 Октябрь 2023 жыл 16:34
Көрүүлөрдүн саны: 61

    Манас айылында жайгашкан Атбашы мектеп-гимназиясында волейбол оюну боюнча турнир өткөрүлдү. Турнирди Манас айылындагы Атбашы мектеп-гимназиясынын дене тарбия мугалимдери  уюштуруп, ага Жаңы-Жер айылындагы №43 кесиптик лицейдин окуучулары катышты.

Волейбол оюну боюнча окуучу балдар арасында уюштурууга эки окуу жайдын дене тарбия мугалимдеринин демилгелери болууда. Мугалимдер тарабынан уюштурулган волейбол оюнуна жалпы 4 команда катышып, алардын ичинен 2 команда кыздар командасы болду.

Оюн кызыктуу жүрдү, жыйынтыгында кыздар арасында 1- орунду №43 кесиптик лицейдин кыздар командасы алса, ал эми эркек балдар арасында 1-орунду Атбашы мектеп-гимназиясынын эркек балдары  утушка ээ болгон.

Жыйынтыгында жеңүүчүлөр  белектер  жана грамота менен сыйланышты.

Турсун Омуралиева