Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Жаңы-Жер айылындагы №43 кесиптик лицейде жыл сайын мугалимдер күнүн белгилешет. Бул күндү лицейдеги мугалимдердин өсүп келе жаткан жаш муундарды тарбиялап жана билим берүү салымы үчүн урматтоо жана ыраазычык билдирүүнүн символу катары өткөрүшөт.

Сокулук районунун Жаңы-Жер айылында жайгашкан №43 кесиптик лицейдин директору Бакыт Темиралиев
Азыркы учурда кеңири тараган жана талап кылынган кесиптерден болуп педагогдун кесиби, алардын арасында олуттуу бөлүгү мектеп жана кесиптик лицейлердин мугалим-устаттары болууда. Учурда кыргызстан боюнча 100 кесиптик лицей бар. Алардын бири Жаңы-Жер айылында жайгашкан Б.С. Шаршенбаев атындагы №43 кесиптик лицейи. Быйылкы жылы 1994-жылдан баштап белгиленип келе даткан мугалимдер күнү октябрь айынын биринчи жумалыгы 5-октябрга туура келди.
Аталган окуу жайдын директору Бакыт Темиралиев, №43 кесиптик лицейдин мугалимдерин куттуктоо менен бирге өз оюн айта кектти: «-Быйылкы жылы биздин кесиптик лицейге суроо-талап артып, кыска мөөнөттүк жаңы кесиптерге да окутуулар башталды. Биз азыр замандын талабына ылайык эмгек рыногуна карап кадр даярдоо керек. Иш берүүчүлөр, ар тармактын өкүлдөрү бүгүнкү күндүн талабына ылайык кадр сурайт. Замандын өзгөрүшү менен бизге жаңы кесиптер пайда болуп жатат. Байер, блогер, Event-менеджер, PR-менеджер жана сулуулук индустриясы жаатында да жаңы багыттар пайда болду. Айрымдар муну чет жерден окуп келе коюп эле курстарды ачып, акча таап жатышат. Быйылкы жылы биздин лицейде кыска мөөнөттүк курстарды окутуу пландалган. Бул курстарга суроо-талап артып, кыска мөөнөттүк жаңы кесиптерге да окутуулар баштоо боюнча жаңы программаларды, стандарттарды иштөө үстүндөбүз.

Турсун Омуралиева