“Жаңы-Жер” жамааттык мультимедиа борбору

“Жаңы-Жер” жамааттык мультимедиа борбору

Узакбай Исмаилов: «Аскерге чейинки даярдык» сабагын күчөтүү керек

16 Октябрь 2023 жыл 17:44
Көрүүлөрдүн саны: 96

Чүй облусунун Жаңы-Жер айылындагы Б.С. Шаршенбаев атындагы №43 кесиптик лицейдин мугалими Узакбай Исмаилов аскерге даярдык сабагын өтүүнү жакшыртууда.  Буга чейин №43 кесиптик лицейдин усулдук кеңешиндеги сунуштардын негизинде, Аскерге чейинки даярдоо сабагын мындан ары күчөтүлгөн тартипте окутуу пландалган. Келечектеги мекен сакчылары аскердик талаптар, куралдуу күчтөрдүн мааниси жана түзүлүшү тууралуу  аскерге чейин даярдык сабагынан үйрөнүшү керек. 

Узакбай Исмаилов №43 кесиптик лицейдин окуучулары менен

Эскерте кетсек буга чейин №43 кесиптик лицейинин окуучулары Кайтаруу жана күзөтүү Департаментинин 10-ротасы менен жолугушуу өткөрүшкөн. Ротанын өздүк курамы курал жана куралсыз саптык ыкмаларын лицей окуучулары үчүн көрсөтүшүп, жакынкы арада уюштура турган сынакка даярдануу максатында, ошондой эле аскерге чейинки даярдык сабагын өтүү үчүн жардам болмокчу. Кесиптик лицей менен кызматташкан Кайтаруу жана күзөтүү Департаментинин 10-ротасына терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз.

Турсун Омуралиева