“Жаңы-Жер” жамааттык мультимедиа борбору

“Жаңы-Жер” жамааттык мультимедиа борбору

Министрлер кабинетинин төрагасынын кеңешчиси Медетбек Букуев №43 кесиптик лицейден кабар алды

20 Октябрь 2023 жыл 0:54
Көрүүлөрдүн саны: 196

Чүй облусуна караштуу Сокулук районундагы Жаңы-Жер айылында жайгашкан №43 кесиптик лицейдин билим сапаты жана материалдык техникалык базасы менен  Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын кеңешчиси Медетбек Букуев таанышууда

Жаңы-Жер айылындагы №43 кесиптик лицейде өлкөбүздүн жети дубанынан келген окуучулар бар. Өнөр кесип үйрөнүүнү көздөп келген өспүрүмдөр ар тараптуу багыттын адистигин тандашкан. Алар кесиптик лицейдин жатаканасында жашап билим алууда.  Бүгүнкү күндө кесиптик лицейдин директору Бакыт Темиралиев кыштын алдын алуу менен окуучулардын жашоо шартын жакшыртуу, билим сапатын көтөрүү менен алек. Ал эми Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын кеңешчиси Медетбек Букуев №43 кесиптик лицейде окуган кеклечектеги жаш адистерден кабар алды.

Медетбек Букуев Омошович 1956-жылы 22-майда Чүй облусунун Чапаево айылында туулган. Ал 2021-жылы  Кыргызстандын президентинин кеңешчиси болгон. Ал эми учурда Кыргызстандын Министрлер Кабинетинин төрагасынын кеңешчиси.

Турсун Омуралиева