“Жаңы-Жер” жамааттык мультимедиа борбору

“Жаңы-Жер” жамааттык мультимедиа борбору

№43 Кесиптик лицей: Силос жасоо менен тоют кризисинен чыгабыз

24 Октябрь 2023 жыл 14:45
Көрүүлөрдүн саны: 64

Чүй облусунун Сокулук районундагы Жаңы-Жер айылында жайгашкан №43 кесиптик лицейдин көмөкчү чарбасында мал жандыктарга чыктуу  тоют (силос) даярдоо камын көрүүдө.   Быйыл малга тоют болуучу чөп аз, мындан улам кымбат болууда. Кыш, жаз мезгилдеринде тоюттун наркы кескин көтөрүлүп, анын кесепетинен мал жандыктарыбыз тоютсуз калып зыянга учурабасын деген кесиптик лицейдин жамааты чыктуу тоют даярдоодо.

Жаңы-Жер айылындагы №43 кесиптик лицейдеги көмөкчү чарбасында тоют даярдоо учуру

Кесиптик лицейдин базасындагы көмөкчу чарбасында жүгөрүдөн чыктуу тоют даярдалды

Б.С.Шаршенбаев атындагы №43 кесиптик лицейдин директору Бакыт Темиралиев: «Учурда мал үчүн жакшы тоют, силос жасаганды өздөштүрүү керек. Азыр убакыттан уттурбай фермерлер ушуну колго алуусу зарыл. Малга чөптөн башка тоют жок деген түшүнүктөн  арылышыбыз керек. Силос да жакшы тоют болуп бере алат. Жүгөрү айдап силос жасай турган болсок 20 тоннадан, түшүмдүү сортторунан 70 тоннага чейин тоют алсак болот. Бул фермер үчүн арзанга түшкөн, мал үчүн сиңимдүү азык болуп берет. Быйыл жаратылыштын катаал шарттарына, климаттык өзгөрүүлөргө, кургакчылыкка байланыштуу тоютту ушинтип камдап алган оң. Сапаттуу даярдалган чөп кыш мезгилинде мал үчүн негизги тоют болуп эсептелет. »

Кесиптик лицейдин көмөкчү чарбасындагы саан уй

Кесиптик лицейдин көмөкчү чарбасындагы эчкилер

Кесиптик лицейде алыскы аймактардан келген окуучулар окугандыктан жатакана менен камсыз болушат. Алар ашканадан үч маал тамак ичишет. Мына ошол себептен №43 кесиптик лицейдин  базасындагы көмөкчү чарбасында окуучулардын тамак ашын жакшыртуу үчүн саан уй багылат.  Окуучулардын эртең мененки тамагына уйдун сүтүнөн ботколордун түрлөрү даярдалууда. Андан сырткары ысык тамактарына  эчкилер багылып маал маалы менен ашканага эт өткөрүлүп турат. Мына ушул мал жандыктарын кармоого кесиптик лицейдин жамааты,  кепшөөчү малдын рационуна чөпкө кошумча тоют катары силосту (чыктуу тоют) кошууда. Силос – чыктуу тоют кышкысын малга кошумча тоют катары берилет.

Турсун Омуралиева