Чүй облусунун Сокулук районундагы Жаңы-Жер айылында жайгашкан №43 кесиптик лицейде өлкөнүн жети дубанынан келип окуган окуучулар бар. Алардын дээрлик көпчүлүгү жатакана менен камсыз болушкан. Ата-энесинен алыстап, кесип үйрөнүүгө келген окуучулардын ден-соолугуна жоопкерчиликтүү №43 кесиптик лицейдин дарыгери Айчүрөк Байбосунова күн кечке алардын жанында.
Жаңы-Жер айылындагы №43 кесиптик лицейдин дарыгери Айчүрөк Байбосунова көп жылдан бери эмгектенет. Жатаканада ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген окуучуларды күнү түнү көзөмөлдөө түйшүгү дагы ага жүктөлгөн. Ал учурда жатаканада жашаган окуучулардын ден-соолугун чыңдоо, кышка карата сасык тумоодон сактануу, иммунитетти көтөрүү боюнча иш аракеттерин жүргүзүүдө.

№43 кесиптик лицейдин медайымы Айчүрөк Байбосунова
Айчүрөк Байбосунова: адамдын иммунитетинин төмөндөп кетишинен улам ар түрдүү оорулардын келип чыгышы мүмкүн. Мен үчүн лицейдин окуучуларынын ден соолугуна кам көрүп, иммунитеттерин көтөрүү биринчи маселе болууда. Ал үчүн окуучулардын тамак ашына иммунитетти көтөрүүчү азыктарды кошуу керек.
Иммундук система денебизди вирустар, токсиндер жана бактериялар сыяктуу козгогучтардан дайыма коргогон клеткалардын, процесстердин жана химиялык заттардын комплексинен турат. Инфекциянын жана оорунун алдын алуу үчүн күчтүү иммунитет керек. Иммунитет аш болумдуу тамактарды жеп, жетиштүү уктап, көнүгүү менен бекемделет.

Бизди оорулардан коргогон иммундук системаны бекемдеген тамак-аштарды жана витаминдерди айта кетсем;
Азыр биздин жатаканада жашаган окуучулардын арасында ооругандар орточо көрсөткүчтү берүүдө. Дене табын текшерип, айылдык ооруканага алып барып дарыгердин көрсөтмөсү менен дарылап турамын. Күндүн суукташы менен сасык тумоолор күч алышы мүмкүн. Буга алдын ала иш аракеттерди көрүүдөбүз.Чындыгында дарыгерлер » иммунитети жакшы адамдар ар кандай оору-сыркоодон алыс болушат» деп эсептешет.
Турсун Омуралиева