“Жаңы-Жер” жамааттык мультимедиа борбору

“Жаңы-Жер” жамааттык мультимедиа борбору

Кесиптик лицей: Келечектеги тигүүчүлөр ишкерлик ишин башташты.

1 Ноябрь 2023 жыл 12:23
Көрүүлөрдүн саны: 84

Чүй облусунун Сокулук районундагы Жаңы-Жер айылында жайгашкан 43-кесиптик лицейде ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген окуучулар ишкерлик менен алектенүүдө.

«Тигүүчү «кесибинин окуучулары, «ашпозчу » кесибинин окуучуларына адистик баш кийимдерин тапшыруу учурунда

Келечекте «тигүүчү» кесибин максат кылган бул окуучулар, өндүрүштүк окутуу учурунда «ашпозчу» кесибинин окуучуларына адистик баш кийимдерин тигип беришти.

Аракети күч бул окуучулар, буга чейин окуу кабинеттерине доска сүргүч, чаң сүргүч, отургучтарга төшөк, кол кап сыяктуу буюмдарды тигип беришкен. Устатынан үйрөнгөн нерсенин баарын иш жүзүндө көргөзүп, бул жолу «ашпозчу» кесибинин окуучуларына баш кийимдерин тигип беришти.

Турсун Омуралиева