Чуй облусунун Сокулук районундагы Жаңы-Жер айылында жайгашкан 43-кесиптик лицейинин «Айыл чарба өндүрүшүнүн устаттары» кесибинин окуучулары өндүрүштүк практикалык сабагында, ГАЗ-52 унаасынын ыймылдаткычтагы мүчүлүштүктөрдү аныктоо жана кыймылдаткычты чогултууга даярдоо иштерин аткарышты.
Жаңы-Жер айылындагы 43-кесиптик лицейде «Айыл чарба өндүрүшүнүн устаты» кесибинде окуган балдардын дээрлик көпчүлүгү өлкөнүн алыскы аймактарынан келген. Кесип үйрөнүүгө келген бул балдар келечекке максаттуу карашат. Алар бүгүнкү сабакта устаты Эмиль Ачикеевдин көрсөтүүсү менен өз алдынча ГАЗ-52 унаасынын кыймылдаткычтагы мүчүлүштүктөрүн аныктоо үчүн чечип, кайра кыймылдаткычты чогултушту.

43-кесиптик лицейдин устаты Эмиль Ачикеев: Мен бүгүнкү сабактын темасы болгон бул унаа жөнүндө айта кетсем, 1962-1963-жылдары эң популярдуу советтик жүк ташуучу ГАЗ-51дин кыймылдаткычы менен гибрид модели иштелип чыккан жана ал кездеги өндүрүшкө чейинки жүк көтөрүмдүүлүгү жогору болгон ГАЗ-53 унаасынын тетиктери жана тетиктери колдонулган.

ГАЗ-52 ар кандай модификациядагы Горький автомобиль заводунда 1964-жылдан 1993-жылдын ортосуна чейин чыгарылган. Ошого карабастан, ГАЗ-51 1975-жылга чейин ГАЗ-52 менен параллелдүү өндүрүлгөн.

ГАЗ-52
Андан кийин 1993-жылдан кийин ГАЗ-52 жаңы GAZelle жана Valdai үлгүлөрү менен алмаштырылган, ошону менен ГАЗ жеңил коммерциялык унаа рыногундагы боштукту толтурган.»

Турсун Омуралиева