“Жаңы-Жер” жамааттык мультимедиа борбору

“Жаңы-Жер” жамааттык мультимедиа борбору

Устат: Мыкты ашпозчуларды даярдоо менин милдетим

1 Ноябрь 2023 жыл 13:19
Көрүүлөрдүн саны: 82

Чүй облусунун Сокулук районундагы Жаңы-Жер айылында жайгашкан 43-кесиптик лицейинин «ашпозчу «кесибинде окуган окуучулар бүгүнкү өндүрүштүк окутуу учурунда соустун түрлөрүн жасап көргөзүштү.

Бул адистикте окуган окуучулар өлкөнүн алыскы аймактарынан келишкен. Алар бүгүнкү сабакта соустардын түрүн жасап көргөзө алышты.

«Ашпозчу » кесибин окутуучу устат Сезим Алтымыш кызы

«Ашпозчу » кесибинин устаты Сезим Алтымыш кызы: «Менин тайпамда жалпы 30 окуучу бар. Алардын көпчүлүгү алыскы облустардан келип окугандыктан, жатаканада жашашат. Окуу жылы башталганы, өндүрүштүк окутууда кесибине кызыгуулары артып, өздөрүн жоопкерчиликтүү алып жүрүшөт. Бул окуучулар менен иштөө түйшүктүү болгону менен кызыктуу. Ал эми келечекте мыкты ашпозчуларды даярдоо менин милдетим

 

Турсун Омуралиева