Сокулук районундагы №43 кесиптик лицейге Кореянын Сеул шаарынан келген ыктыярчы Ёнгми Мундун демилгеси менен KOICA эл аралык уюмунун каржылоосунда ашпозчу кесибинин окуучулары үчүн ашкана жабдыктары алынып келинди.

Корей эл аралык кызматташтык агенттигинин Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн маалыматы боюнча Ёнгми Мун кесиптик лицейге “Корея Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөттөрүнүн ортосундагы «Акысыз жардам көрсөтүү жөнүндө алкактык макулдашууну” ишке ашыруу максатында жиберилген. Азыркы учурда Ёнгми Мун №43-кесиптик лицейде волонтердук иш-чараларды жүргүзүү менен кошо «ашпозчу» кесибинин окуучуларына корей ашканасынын түркүн тамактарын үйрөтүүдө.

Кореядан келген ыктыярчы Ёнгми Мун
«Ашпозчу » кесибинде окушкан реаблитациялоо топтогу окуучулардын устаты Айнура Ырыскелдиева нын билдирүүсү боюнча ыктыярчы Ёнгми Мун жабдыктардан тышкары өндүрүштүк окутууда керетелүүчү тамак аш азыктарды алып берүүгө көмөктөшкөн.

Турсун Омуралиева